БИЗ АТТАНДЫК
Айнура Мамаева сиңдиме
Калем сабын колго алды иймене,
Бу да менин сиңдим болот билгиле.
Поэзиянын майданына аттандык,
Кана элим ак батаңды бергиле!
Жан дүйнөнүн эбегейсиз байлыгын,
Кылдат тизип мончок кылып илгиниң.
Түгөнбөгөн кыялдарга талпынып,
Сенда сиңдим чоң күрөшкө киргиниң.
Чындык деп бил! тамгаларга катканың,
Миң толгонуп түйшүктөргө батканың.
Мезгил өтсө урпактарың эскерип,
Төрт сабыңды бир кайталап жатканын.
Аруу таза ичкен суубуз бир булак,
Учкун айлы кереметтүү бир турак.
Канат керип бийиктерге барагой,
Ыр дүйнөлүү жандар үчүн бир сынак.
Бүгүн мына келип калдым Учкунга,
Эже - сиңди биргелешкен кутуна.
Төлгө кылып жатам мен да ичимен,
Ырларыбыз жет