БЕЛЕК БЕРИП КУБАНТСАК.
Бири бизди,бирибиз жөлөп турсак,
Бир туугандык, кадырды бийик тутсак.
Болор-болбос, сөздөргө көңүл бурбай,
Баркыбызды кетирбей,ыйык тутсак.
Адаштырбай,ак жолго буруп турсак,
Акыбалды сурашып,ийилип учурашсак.
Өткөндөрдү айтышып, маек куруп,
Тамашалап, ар күнү күлүп турсак.
Ооруп калсак,сурашып көңүл бурсак,
Оруну жок,сөздөрдөн оолак болсок.
Очок отун жандырып, түтүн булап,
Ордубузду жоготпой бекем тутсак.
Бир туугандай,сырдашып сыр чечишип,
Билбегенди,билгизип айтып турсак.
Белек алып,куттуктап жакшы күндө,
Барып үйгө, сүйүнтүп тартуу кылсак.
Автор:Темирбаева Д.