Күз келип калды,эми тойлор удаа-удаа болот.Кошумча деген балээси бар.Кошумчасын кошпой койсоң да туугандан чыгып каласың.Анан өздөрү ичпей жебей карызга кредит алат же четте иштеп жүргөн баласына акча сал дейт!!!
Москвада квартира кымбат үчүн, бир комнатасына өзүң жашасан, бир комнатасын сөзсүз бирөөгө бересиң. Мен көбүнчө эркек, бойдок балдарды алчумун. Жүгү аз болот, бир нерсе айтсан да угат. Кыздарды алсан, алты чемоданы менен келет. Байкуш балдар кечке иштеп келип, эптеп септеп курсагын тойгозот да, жуунса жуунду, жуунбаса ошол бойдон уйкуга кетишет. Айлыгын алып эле, квартиранын акысын төлөйт, өзүнө бир сом алып калбай үйүнө салган балдарды көрдүм. Эже акча берип турунчу тамак ашка д