Иштерим менен Кочкоратадан Жалалабадка сапар алып калдым, машинада менден башка эки аял бар экен, машинанын толушун күтпөй эле таксист бала жолго чыкты. Унаанын артына чекеге олтуруп жол боюн караап бараттым, шаардан бери чыккандагы айылга жеткенде машина ылдамдыгын кичине азайтып жайлап калды, жолду караап келе жатканга капысынан жол боюнда оозунан шилекейи агып калган ак жүздүү, жоолугу бир жагына кыйшайган көздөрү китирейип муңдуу караган, татынакай жашыраак келиндин эси оогондой шалдырап ары - бери өткөн унааларды күзөтүп олтурганына көзүм чалдыга түштү. "Иий байкуш буга эмне болду экен, оорукчан го сыягы" - деп ичимден ойлогон оюмду тышымдан үнүмү чыгарып кантип айтып жибер