МЕНИН АПАМ АЗЫР ТИРҮҮ БОЛГОНДО...
Бул аңгемени которуп жатып, мен да аттиң дедим, эхх эгер апам тирүү болгондо... Жашоо суунун шар аккан агымындай тез өтө турган нерсе экен , бүгүн апаңыз жаныңызда, акыл-насаатын айтып, кызым-уулум деп чачыңыздан сылап энелик сүйүүсүн, мээримин төгүп турса эртең эле апаңызды сагынып жашыңызды төгөсүз! Бул жашоонун мыйзамы, эч ким өзгөртө албаган көрүнүш...
Автобус толо эл. Баары эртелеп өз иштери менен алек.
- Дагы, бүгүн экинчи жолу чалышы деп сүйлөнүп, оу апа, дагы эмне?... Мен бурулуп үн чыккан жакты карадым. 25 жаштардагы кыз, бир колунда сумка, бир колу менен автобустун кармагычын кармап, телефонун кулагына далысы менен кысып жооп берип жатат. Апасына