КАРТ АЯЛ МЕНЕН ЖАШ АЯЛ.
АНГЕМЕ.
Улгайган аял менен жаш аял маңдай-тескей чай ичип олтурушту.
Ооба, бири улгайган, экинчиси жаш. Булардын курагы да, тагдыр жолдору да, турмуштан алган энчилери да бири бирине окшобойт. Бир дасторкондо олтургандары менен ой-санаалары эки башка.
Жаш аял эртерээк ичип бүтүп, дасторконду жыйнаштыра коюп, караңгы кирип кете электе үйгө жетсем болот эле деп ичинде тынчы кетип олтурду. Күйөөсү да жумушунан келип калгандыр. Балдары мектептен эмгиче келишти. Кичүүсү ыйлап калбады бекен? Күйөөсү аны көтөрүп алып сыртта жол карап жүрөт го...
А тиги улгайган аял эч кайда шашпайт. Өз үйү. Үй кызматчысы Наркүл менен шашпай чай ичип , алаксып убакытты өткөргүсү келет. Аг