Уста-мугалим
(Болгон окуя. Аягына чейин чыдап окуңуз)
Урмат белгилүү уста. Өзүнүн айылында колунан бардык иш келген, алтын колдуу жаш уста катары таанымал. Өзү жашаган үйүн пайдубалдан шыпка чейин толук өз колу менен курган. Элде жок заманбап туалет, душту да жасап, ыңгайлуу жашоого шартты түзгөн. Айылда кимге өзгөчө устанын кызматы керек болсо, Урматка кайрылышат. Өзгөчө дегеним, Урмат оңой иштерди албайт. Чыгармачылыкты талап кылган, эстетикалуу натыйжа боло турган буюртмаларды гана жасайт. Эмерек жасап жаткан, пол кагып жаткан, дубалды мрамор шыбак менен шыбап жаткан, темирден сейф жасап жаткан учурларын көрүүгө болот. Өзү уста, өзү дизайнер. 2020-жылкы пандемияда өзүнүн каражатына бүтүн