(ЖАҢЫ ЫР)
ЖУБАЙЫМА КАЙРЫЛУУ
Эркеси элең атаңдын,
Эми сен "келин" аталдың.
Көп жашайм десең мен менен,
Көңүлүн тапкын апамдын.
Атамды сыйла атаңдай,
Апамды сыйла апаңдай.
Кокустан андай кылбасаң,
Калабыз үйгө бата албай.
Катаалдык болсо тоготпой,
Кайратты чыңа болоттой.
Жакшысы болсоң келиндин,
Жашообуз болот жомоктой.
Болсо да мал-мүлк саналуу,
Болсо да оокат чамалуу.
Бош өткөрбөстөн түндөрдү,
Бололу көп-көп балалуу.
Балдардын үнү угулса.
Бак-таалай үйгө жыйылса,
Балалуу үйлөр базар дейт,
“БАЗАРКОМ” болгун буюрса.
Жапжаңы ыр
Жубайыма
Келечегим, боорукерим, бар сырым,
Чын жубайлык мээримиңе балкыдым.
Эттей болуп кайнап жатсам турмушта,
Күйүтүмдү бир заматта калпыдың.
Эркелесең бүткөн боюм семирет,
Кээ күндөрү тилиң тынбайт жебиреп)
Жүрөктү эле жылытпастан чырагым,
Төшөктү да жылытасың мемиреп.
Бактыбызды Жаратканым толтурсун,
Ийгиликтер ирээттешип кол сунсун.
Мен көл болсом бар экеним билгизээр.
Татынакай шарпылдаган толкунсуң.
Тирүүлүктө байырлачу тураксың,
Алга сүрөп жеткирүүчү муратсың.
Мен тоо болсом көркөмүмдү арттырып,
Тээ боорумда агып жаткан булаксың.
Ичимдеги бир башкача туюмсуң,
Кыялымды коштоп учкан куюнсуң.
Саамайыңда эргүү жатса сан миңдеп,
Сага деген ырлар кантип суюлсун.
Ар