Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолугушту. Райондун тургундары ичүүчү таза суунун жетишсиздиги, канализация, жол инфраструктурасын куруу, жерлерди трансформациялоо көйгөйлөрүн көтөрүштү. Суроолордун басымдуу бөлүгү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жер-жерлердеги ишмердүүлүгүнө тиешелүү болду. Жыйындын жүрүшүндө көзөмөл органына адам укуктарынын бузулушу боюнча 56дан ашык арыз түшкөн. Арыздардын олуттуу бөлүгү райондук жана облустук деңгээлдеги укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин талаптагыдай