ЭКӨӨ ТЕҢ КҮНӨӨЛҮҮ...
Жанаша турган эки үйдүн биринде күн сайын казан аяк кагышып, ызы-чуу чыгып турса, экинчи үйдөн дегеле үн чыкпайт экен.
Чуулгандуу үйдүн жашоочулары баягы адатынча урушуп жатканда аялы:
- Дегеле ушул кошуналардын урушуп, жаңжалдашканын такыр көргөн жокмун?! Урушпай кантип жашай турганын билип келчи?! - дейт күйөөсүнө.
Күйөөсү байкатпай коңшусуна барып, терезесинен үйдүн ичине көз салат. Ар ким өз иши менен алектенип, аялы ашканада тамак жасап, күйөөсү столдо бир нерсе жазып отурган болот.
Бир маалда телефон шыңгырап, күйөөсү аны ала коем деп столдо турган идишти байкабай түртүп сындырып алат да, тизелеп отура калып сыныктарды чогултуп кирет. Ашканадан аялы жетип кели