14-февралдан баштап «Ыйлаак кемпирдин» кезеги келерин билчү белеңиз?
Кыргыз элинде «Токсондун түшкөнү, чилденин чыкканы жаман» деген сөз бар. Илгертеден эле кыргыздар жылдыз санап, мезгилдин тамырын кармап, жарым жылдык аба ырайын алдын ала билишкен. Кочкордо өткөн доордо «Эсенбай эсепчи» деген жашап өтүптүр. Кышта жаз менен жайдын, жазда күздүн, жайда кыштын кандай болорун алдын ала айтып койчу экен. «Эсенбай эсепчи» чилденин чыгышын төрткө бөлгөн:
1. 19-январдан «Кырк жигит» чилдеси башталып 12 күнгө созулат. «Кырк жигит» кетип жатканда кычыраган суук болуп, жигиттик мүнөзүн көрсөтөт.
2. 2-февралдан «Кырк кыз» чилдеси башталат. Бул чилде да 12 күн уланат. «Кырк кыз» кетип жатканда кыз