Бүгүнкү күнү ушу ааламат күндө балдарыман кабар албасам сарсанаа болуп кабатырланам. Кошунамын 42деги баласы каза болуп, энеси ботодой боздоп ыйлаганын көрүп, сай сөөгүм сыздайт. Кечинде жаңылыктарды калтырбай угам. Канча жыл мурун ушул айылга ала качып келип, келин болуп калгам. Анда мен Нарын шаарында медучилишада акыркы жылы окуп жүргөм. Кайненем окууңду таштаба деп, мени окуткан. Окууну бүтүп ошол эле айылда иштеп калдым. Кайненем балдарымды карашып, үч балалуу болгуча үзгүлтүксүз иштедим. Ошол жылы кайненем ооруп калып каза болду, аябай оор жоготууга кабылдык. Жумушту, үйдү чогуу алып кете албай калдым, иштебей үйдө отуруп калдым. Андан кийин удаа дагы төрт уулду болдум. Кыз төрөп алайы