..Президент болгон соң жан сакчыларыма айтып "..шаарды бир жөө кыдырып басып келели" дедим. Кыйла ары-бери баскан соң чогуу ресторанга түштөнүүгө бардык. Борбордогу ресторандардын бириндеги шыпылдаган официанттар эмне тамак жээрибизди сурап чыкты. Бир саамдан кийин тамагыбыз да белен болду. Анан байкасам маңдай жагыбыздагы үстөлдө официантты күтүп бир киши олтуруптур. Акыры официанттардын бири ага барып буйрутмасын угуп жазып алды. Жанымдагы жансакчылардын бирөөсүнө "..тиги кишиге баргын да өтүнүп көрчү, биз менен чогуу тамактансын" дедим. Жансакчы жай басып барды да менин өтүнүчүмдү айтты. Ал киши идишин көтөрүп келди да менин жаныма олтурду. Тамак ичип жатып колдору такай титиреп турду.
ТУРМУШ ТАРАЗАСЫ... 8-класска жаңы окуучу келди, эжей доскага чыгарып, окуучулар менен тааныштырып жатты: - Балдар, бүгүндөн баштап силер менен бирге окуйт, аты Ярослава. Мурунку мектебинде абдан жакшы окуган кыз. Ярослава толмоч келген, чачы узун болгондуктан өрүп башын айлантып байлап алган, уялчаак кыз эле. - Олтур, Ярослава, деди эжекеси. Яра партага көздөй басып баратты, кыздын басышы каздын басышын элестетти окуучуларга. - Каздай басат го, деди Лена, класстын эң популярная кызы. Баары каткырып күлүп жиберишти. Ошол күндөн Яраны эч ким кабыл албады, Лера аны дайыма шылдыңдап, азыраак жесең жакында топко айланасың, же чачыңды прическа жасачы айылдыктарга окшобой. Күндө сөзсүз тийишпесе