Зейнеп: “Күйөөм экөөбүздүн тең ойношторубуз бар, бирок ажыраша да албайбыз”
– Мен эки кыз, эки уулдун энесимин. Балдарымдын улуусу 9-класс, кенжеси 3-класстын окуучусу болду. Жолдошум тириликке тың, иштерман жан болгондуктан шаардын кыйынчылыктарын анча сезбей жетишкен жашоодо жашап келебиз. «Байдын да бир чымчым тузу кем» деген бекер кеп эмес экен да. Баянымдын башталышы мени бактылуудай туюнтар, бирок андай эмес…
Жашообуз кадимки кыргыз үй-бүлөлөрүнүн бири катары башталган. Биз эки балага ата-эне болгондо эле күйөөмдүн аял аттуудан кыя өтпөгөн катынпоз экенин билгем. Анын аял жандуулугу ушунча: мен жанымда экенине карабай келбеттүү кыз көрсө мойну буралганча бурулуп карап, шилекейин кылк