#ЖҮРӨГҮМ ООРУДУ..
Он беш жыл. Сиздин балам деген сөзүңүздү укпай калганыма бүгүн он беш жыл болуптур Апа. Келиниңиз болгондо бүгүн чоң дасторкон жайып сизди эскерип отурмакпыз. Ал дагы бизди таштап сиз тарапка кете берди. Өксүктүн орду толуп, армандан арыла баштагандай болуп атканда күтүүсүздөн жоготуп алдым Апа. Азыр гана ишенип, эми гана бир аз өзүмө келип түбөлүк жоготуп алганымды аңдай баштадым.
Сиз келиниңизди тааныйсыз Апа. Сизден калган үйдү жаркыратып, сиздин буюмдарыңызды көзүнүн карегиндей сактап, аярлап колдонуп, бекитип, сактап жүрүп өттү. Өзүңүздү көрбөсө да <<Апамдын буюмдары>> деп алтындай сактады. Атам экөөңдүн туулган, каза болгон күндөрүңөрдү унутпай үч күн мурун даярданы