9-БӨЛҮМҮ...
Ныяз үйүнө келер менен Зыяшты көчүрүп келүүгө камылга көрүп, даярдана баштаган. Темир экөө кудуңдашып аркы-беркини жыйнаштыргандай болгон менен бүтүрө алышкан жок. Кечинде досторуна телефон чалып Зыяшты алып келерин сүйүнчүлөп чыкты. Баягыдай достору деле көп эмес экен. Беш-алтоосуна айтып тим болду. Таңдын атышы ушунчалык узарып кетти. Ныяз ордунан туруп, кайра жатып көзү илине түшкөн экен. Түшүндө:
“…Акмаралдын жүзү таанылгыс болуп боелуп, жөргөмүштүн уясына окшоп өрүлгөн аркандан чыга албай, “аталап”…ыйлап жардам сурап жатып үнү угулбай соолуп баратыптыр. Акмаралга жардам кылайын деп, өрүлгөн арканга боюн таштап жибергенде” чочуп ойгонду.
Таң кылайып атып калган экен. Оозу