ӨЗҮМ ҮЙЛӨНГӨНДҮН ОРДУНА КЫЗЫМДЫ КҮЙӨӨГӨ УЗАТПАГАНГА ӨКҮНӨМ…
________
Окшош, үндѳш, үзѳңгүлѳш тагдырлар ого эле кѳп. Бири-биринен айырмасы, тагдырдын каарманы абалдарды кандай кѳтѳрѳ билип, кантип жеңгенинде же жеңилгенинде. Бүгүнкү каарманыбыз ѳткѳн санда жарыяланган “Таарыныч” аңгемесинен улам бизге кат жазыптыр. Эмесе, баарын ѳзү баяндап берсин. — Жаштыгым СССРдин берекеси тѳгүлүп турган маалга туш келди. Бекер окуу, белен аш, беделдүү ата-эненин уулу болуп кыйынчылыкты сезген жокмун. Окууга дилгир, чыгармачылыкка жакын элем. Калем жорголотуп калмайым да бар эле. Кийин турмуш шары менен калем кармабай калгам. Бирок жаштыктагы адат калбайт окшойт, карылыкта кайра китеп, гезитке жакын бо
БАЛДАР БЕШ ТҮРДӨ БОЛОТ ❐ БИРИНЧИ ТҮРДӨГҮ балдар ата-энесин такыр укпайт, буйрук берсе аткарбайт. Булар ата-энесин нааразы кылгандар. ❐ ЭКИНЧИ ТҮРДӨГҮ балдар ата-энеси айтканды аткарат, бирок ичинен жактырбайт, аларды айла жоктон же коркконунан гана угат. Булар сооп-сыйлыктан куру калышкандар. ❐ ҮЧҮНЧҮ ТҮРДӨГҮ балдар ата-энесинин айтканын аткарат, бирок кылганын милдет кылат, жаман сөздөрдү айтып сүйлөнөт же аларга кыйкырат. Булар Аллахтын алдында күнөө алышат. ❐ ТӨРТҮНЧҮ ТҮРДӨГҮ балдар ата-энеси бир нерсе айтса же буйруса, аны жан-дили менен кубанып аткарат. Булар Аллахтын алдында көптөгөн соопторго жетишет. ❐ БЕШИНЧИ ТҮРДӨГҮ балдар ата-энеси каалаган нерсени айттырбастан атк
Бир тууган сиңдим батырбай, Москвада түн бир оокумда көчөдө калдым
Жумуштан шашпай чыктым, мен үчүн убакытты өткөрүү керек эле. Анткени бара турган үйүм жок, бир сом акчам жок. Оор үшкүрүп чемоданымды сүйрөп метронун ичинде отурдум. Саат бирде метро жабылат кайда барам? Көзүмдү жумуп эртең мененки сиңдимдин кылыгын эстедим, бир тууган сиңдим көптөн бери айта албайт, бирок кодолоп батырбай келет. «Душка ким түштү эле?» деп баштады. Жаш баладай мен дедим. «Жууп койбойсуңбу?» — деп сүйлөнүп кирди. Мен Элүүдөгү аялмын кантип жуубай койойун. Бир чыны чайды эптеп жуттум да, киймимди алып чыгып кеттим. Сыртка чыгып кыйкырып ыйлагым келди, бирок кимге? Жааган кар сооротконсуп, бетимен өөп жерге түшү