СЫРДАШААРЫМ
Жүрөгүмө толгон кезде сырларым,
Ак барака сап-сап кылып ыр жазамын.
Жан дүйнөмдү бөлүшөөрүм, сырдашаарым,
Алаканым алдындагы ак барагым.
Курган жүрөк таппай турса сырдашаарын,
Кураштырып сөздү сөзгө ыр жазамын.
Көөдөнүмдү куйкалаган сырды ачкан,
Калем сабым; бул менин сырдашаарым.