Бир жолу карапайым, жумушу да жөнөкөй, кирешеси да аз бир жигитке кайнатасы келип:" Сен менин кызымды жалтыр, жултурга бөлөп, оозунан чыга электе алып берип, эркелете бергенинди токтот. Үйдөгү тамакты, кээде этти да азайтып тур. Ичкенини алдында, ичпегенинин артында турган адам жоктун, берекенин баркын түшүнбөйт." - дейт кабагын түйүп. Жигит бул сөзгө таң калып, эмне деп жооп берерин билбей туруп калды. Себеби, баары кайнатасы айткандай эмес, тескерисинче, жигиттин айлыгы чайга да жетпей калган учурлар болгон.
Таң калганын жашыра албай, аялынан абалды сурап көрүүнү чечти. Көрсө, аялы барган сайын алардын жагдайлары абдан жакшы экенин, жакшы жашап жатканын айтып, ата-энеси тартуулаган жылуу