ШҮГҮР ДЕГИН
Ырыскысын эртели-кеч таратканга,
Өмүр көчү токтолбостон баратканга.
Шүгүр дегин эй инсан, шүгүр дегин,
Жанды салып, адам кылган жаратканга.
Абасы бар терең-терең дем алганга,
Күнү жарык жылу нурун алалганга.
Шүгүр кылгын ар убак шүгүр кылгын,
Түндү берди кубат алып эс алганга.
Кейибегин бир кем дүйнө тардыгына,
Шүгүр дегин бүт мүчөңдүн бардыгына,
Ойлонуп көр, замандашым ойлонуп көр,
Топук кылып, Жараткандын байлыгына.
Суу да берди, чаңкабастан жута турган,
Бакыт берди, үй-бүлөңдү кура турган.
Шүгүр деген жашап жаткан күндөрүңө,
Ден-соолук бар, өмүр көчүн сүрө турган.
Башты берди, акыл калчап чече турган,
Жүрөк берди, туюп баарын биле турган.
Шүгүр менен жашайлычы адам заттым
АДАМ ЖАНА ӨМҮР
Билгенде адам, бул жашоо абдан татаалын,
Өзгөрөт экен, көтөрүп турмуш катаалын,
Чыйралып улам чыдамкай болуп ар күнү,
Карытат тура тирүүлүк күндүн сапарын.
Бир муштум жүрөк, ал согуп турса кабында,
Жашайсың адам агылган мезгил сабында.
Күрөшүп күндө, саат менен кошо чыкылдап
Ай жылдар өтөт, саналуу өмүр барында.
Турсаң да бүрдөп жаздагы күндөй назданып,
Коңур күз келип жаштыгың калат саргарып.
Мыйзамы экен жараткан өзү буйруган,
Каласың анан топурак жерди жазданып.
Бир келген жаштык сапары карып калгыча,
Жаныңды ажал алкымдан сурап алыча.
Кадырын билип жашоонун доорун сүрсөк ээ,
Агарган таңдын кызарып күнү баткыча.
Колунда калак, башкарып өмүр кемесин,
Жалганда жашап
КЕЧИР МЕНИ ЖАРАТКАН
Кечир мени, кечирип кой Жараткан,
Ыйман берчи жүрөгүмдү тазарткан.
Жан дүйнөмдү сугарайын илимге,
Багыт болсун, Бейиш жакка бараткан.
Мен инсанмын, адашуучу жолумдан,
Билип билбей күнөө кылган колумдан.
Кечире көр кабыл кылчы дуубамды,
Көрсөм экен акыреттик сообумдан.
Пендеңмин го,топурактан жаралган,
Адам ата, Оба энеден таралган.
Сыноо бердиң тура жолун таңда деп,
Жашоо күнүм, сен тараптан каралган.
Куран бердиң, баардык сырлар катылган,
Намаз бердиң, аяттардан камтылган.
Жада калса Пайгамбарды жибердиң,
Шайтанга пенде калбасын деп сатылган.
АВТОР:МЫРЗАЛИЕВА РАХАТ
"ПОЭЗИЯ ОРДОСУ"көркөм-адабий
коомдук бирикмесинин мүчөсү.
20.04.2020.