#БАКЫТ АЛЫП КЕЛБЕГЕН БАЙЛЫК
4-БӨЛҮМҮ...
********
Ошол бойдон оодарылып кырсык болгон жол тандабас тууралуу сөз бул райондо болгон жок. Жада калса унутулуп да кетти. Арадан бир айдан ашык убакыт өттү. Бул аралык ичинде Азиз кадимкисиндей арыктап, жүдөп да кетти. Түн уйкусу бөлүнүп мал сарайдагы бир дипломат акчаны ойлосо уктай албайт. Уктап кетсе баягы көк көздөр азап бере берет. Өзүн окутуп, дем салдырып да көрдү. Эки же үч күн тынч уктайт да кайра башталат.
—Эртен эрте менен экөөбүз эле чыгалы шаарга э? - деди Самара шыбырап
—Өзүм барсам болбойбу?
—Жалгыз баары бир кооптуу. Бирөө байкап калса сенде акча бар экенин..
—Ооба, анда чогуу барабыз. Балдарга мен ооруканага көрүнөм деп айтабыз,