"КОРКПОЙМ"
Жаным сыздап көз жашымды төккөндөн
Корко берем түркүн сыноо көйгөйдөн
Жылдан жылга өзгөрүлдү көз караш
Бирок коркпойм суум түгөнүп өлгөндө
Ким бирөнү пайдаланып жалгандан
Корком корком бекер жаным баккандан
Ичтен бышпай бар нерсени болгондой
Коркпойм бирок бетке сүйлөп айткандан
Же түңүлүп үмүтүмдү үзгөндөн
Корккон менен чокту басып күйгөндөн
Көрсөм дагы көрбөсөм да дүйнөнү
Коркпойм бирок өмүр жолум бүткөндөн
Автор: Акматова Акматова
Себебин издеп таппай
Ичиме толуп кетем
Өзүмө өзүм толуп
Нааразы болуп кетем
Билбеймин эмнеликтен
Жашоого тоюп кетем
Сананын кемесине
Байкабай тушуп алам
Көңүлүм муздак каптап
Чыйрыгып ушуп алам
Жок эле ойлор менен
Чок басып күйүп алам
Жан дүйнөм ооругандай
Сыгылып сыздайм неге
Өмүрдү татаалдантып
Өзүмдү кыйнайм неге
Барыма шүгүр кылып
Булугуп ыйлайм неге
Автор: Акматова Акматова
"КУСАЛЫК"
Санаа бар бир өмүргө көрсөтпөгөн
Сагыныч баягы эле өзгөрбөгөн
Сүйлөшсөм жазылчудай элестетип
Ашса ашты кемибеди бөскөбөгөн
Жамалым боз тарткандай кубарыңкы
Билбедим сезбей калдым кубанычты
Бир өмүр мени менен кошо кетчү
Көтөрүп алып жүрөм кусалыкты
Өмүрдүн көчүн көрбөй улам жылган
Аркада калып мүмкүн убакыттан
Кылчайып тээ өткөндү унута албай
Оорусам ооруп жүрөм кусалыктан
Аркага кайтара албай убакытты
Көтөрүп алып жүрөм кусалыкты
Автор: Акматова Акматова
Ээ болуп өмүрүмө башкарышты
Жашоомо кийлигишип баш багышты
Тим койсом мен алардын менчигиндей
Короомо каалаганча таш атышты
Сыйласам сыйлаганды билишпеди
Жети атам калбай талкуу изилдешти
Өзгөрүп абалкыдай болбой калсам
Койбоду кокуйлашып тийишкенди
Токтотпой көңүлүмдү оорутканды
Калтырбай сабак айтып окутканды
Теңелбей өтөт күндөр деген менен
Үндөбөйүн десем кайра койушпады
Деп айтып бир аруунун ыйлаганын
Укканда мен кошулуп ыйлап алдым
Кызымдын эртеңкисин элестетип
Каалабайм ар бир келин сыздаганын
Автор: Акматова Акматова
"УНУТКАНМЫН ӨМҮРҮМДҮ ӨЗҮМДҮН"
Жан дүйнөмө сый көрсөтүп жогору
Көңүлүмө тынчтык берип оболу
Өмүрүмө өзүм кана ээ болуп
Жашаганга мүмкүнчүлүк болбоду
Кыялымды кыркып таштап кечээки
Өчпөй үмүт күндү күтүп келерки
Өмүрүмө ээ болалбай өзүмдүн
Мен ушинтип жашап өтүп кетемби
Ооба мен да тирүлүктө адаммын
Деген менин максатым көп жашаймын
Эркинмин деп эркиндикке ээ болбой
Өзүм үчүн качан кантип жашаймын
Караймын деп адамдардын көңүлүн
Унутканмын өмүрүмдү өзүмдүн
Автор: Акматова Акматова
Ыргыта албай өздөн санаа ташын
Ыйлактап ким бирөөнү карап кашын
Убакыт өткөнүнө кайыл болуп
Бага албай жүргөн канча кара башын
Өзгөрөт күнөөлүдөй тагдырына
Нааразы тийген күндүн жарыгына
Акырын адамдардан четте калат
Алыстап бир боор тууган жакыны дада
Калса да таярың жок күнүң батпай
Өзгөгө өмүр бою жүгүң артпай
Аракет ак эмгекке эмне жетсин
Татыктуу жашай билип бүгүн бардай
Күзгүнү көрүп карап тиктейличи
Күнөнү өзүбүздөн издейличи
Автор: Акматова Акматова