Эртеси мен ,Сауле, Аруузат болуп автовокзалга жөнөдүк,бизди Тимур менен Эрбол күтүп турган экен.
Маршруттук таксиге жүк жүктөгөнчө ,мен ичкенге суу алып келе калдым.
Шаардын ысыганынан элдин баары эле, Ысык - Көлгө кетип жаткандай сезилди.
Ошентип буюрса жолго да чыктык!
Ысыктан шалдырап,бири - бирибиз менен сүйлөшпөй, телефондогу ырларыбызды угуп унчукпай кете бердик.
Боомго жеткенде Чүйдүн ысык абасын,Ысык - Көлдүн салкын абасы каршы алды.
Кадимкидей сергий түштүк окшойт,отурган жүргүнчүлөр бири- бири менен сүйлөшө башташты.
Аңгыча көл көрүндү,негизи мен көлдү көрбөсөм кадимкидей сагынып калам.
Ошентип түшө турган жерибизге жеттик, акырын түшүп алдык дагы, жүктөрдү жонубузга асып алып,андан ары жөө жөнөдүк.
- Ух ,мен чарчадым - Сауле наалып баштады.
- Мен сага айтпадым беле,жол мындан да оор болушу мүмкүн.
Бул жерде эс алуучу жай жок ,жапайы жээкке барабыз деп айттым эле го!
- Мага көл,кум анан романтика керек!
- Ошол элеби , көл да,кум да ,ал эмес романтик а да болот- эки жигит күлүп жиберишти.
Айылдан беш - алты километрдей ылдый экен ,ошол жакка жөнөдүк.
- Ал жакка мал деле көп барбайт,адамдар тургай - Эрбол сөзүн улады.
Унчукпай, бешөөбүз кетип бараттык,айылдын эгин талааларынан да өттүк.
- Азыр чычырканактардын арасынан өтөбүз - Эрбол бизге кайрылып ...
- Эмне кылайын чычырканактардын арасынан ??- Сауле тултундап Эрболду карады.
- Топчуларды,сыдырмаларды сыдырып алгыла! Чычырканакка тытылат!
- Аа ,мен терип жейбиз деп айтат экен десе!
Баарыбыз күлүп алдык.
Жүктөр анан өзүбүз да тытылып отуруп , чоң таштар жаткан жерге келип калдык.
- Апей ,бул жерге таштап кайдан келген?- Аруузат таң калып карап калды.
- Тоо алыс экен,бул жерге ким сүйрөп келди?
- Келгиле , караңгы киргенче эки палатка тигип алалы!Анан чай кайнатып " Роллтондорду" жейбиз - мен адатымча буйрук бере баштадым.
- Командир ,отунду ким терет?
-Сауле менен Тимур палатка тиккиле,Аруузат сен тамак аштарды алып чыга бер!
Биз Эрбол экөөбүз,отун терип,тегерек четти байкап келебиз.
- Есть товарищ командир!- Сауле честь берип кайкайып калды.
Баарыбыз каткырып күлүп жумуштарыбызды кылганы жөнөдүк.
Кичине ары баскандан кийин эле ,таштарда тартылып турган петроглифтерди көрдүм.
- Эрбол ,сайма таштар аябай көп экен го!
Кандай сонун,бир замандарда ушул жерде адамдар жашап ,ушул ташка сүрөт чегип кетишкен экен да!
- Ооба ,да булар канча кылымдардан бери турат,канча замандар алмашты.А булар дагы эле тура беришет.
Куурап калган отундардан , экөөбүз эки кучак терип келдик.
Биз келгенде эки палатка дайын ,ошол тегеректеги отундарды жагып идишке суу кайнатып жатышыптыр.
- Кана анда дасторкон даярдайбыз, алып чыккыла тамактарды!
Билинбеген менен курсагыбыз аябай ачыптыр,баарын түгөтүп ,кружкаларга чай куюп ичип отуруп калдык.
- Жана Боомдон тамак ичип алсак болмок- Тимур бизди карады.
-Биздин ичкибиз келген жок да,азыр эмне курсагың тойбой калдыбы?
- Тойдук баарыбыз ,Тимур гитараны алып чык! Көлдүн жээги , шарпылдап жээкке тийип турган толкундар,күйүп жаткан от ,анан кыздар менен балдар!Мына Сауле романтика!- Эрбол күлүп калды.
- Ушундай кечтер ,ар бириңердин эсиңерден кетпей калат.Анан көлгө чагылышып тийип турган толгон ай!
- Аайиий ,кандай керемет кооздук! Жөн эле Голливуддун фильмдери биякта калат.- Аруузат эки колун ээгине жөлөп ...
- Бирок Голливуддун фильмдеринде , ушинтип жаштар сонун отурса эле,суудан же бадалдардан монстр же бир желмогуз чыгат!- Тимур күлүп калды.
- Жөнчү, жүрөктү түшүрбөй!
- Кел ырдайлы,Ысык - Кол жөнүндө ырдабайлыбы?
Кайсы ыр бар?
Атың жакшы Ысык-Көл,
Ата - бабам сыйлаган.
Айланасы жашыл төр,
Сулуулукту жыйнаган.
Күн нуруна жаркылдап,
Алтын чабак туйлаган.
Көрбөй калсам сагынып,
Куса болуп,куса болуп кыйналам...
Улам бир ырды ырдап отуруп ,саат он бирлерде уктайлы деп ар кимибиз ордуларыбызга жаттык.
Шарпылдаган көлдүн толкунун угуп жатып ,мемиреп уйкуга кеттим. Түшүмдө өңүмдө да өмүрү көрбөгөн бир жерде жүрүптүрмүн.Бир сулуу кыз эле , мунаранын башына туруп алып ,мага бир нерсе деп кыйкыра,кол булгалап жатыптыр...
УЛАНДЫСЫ БАР.....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев