Ойгонуп кетсем таң атып калыптыр!
Сыртка чыксам , Ысык - Көлдүн толкундары сыртка тээп шарпылдап жаткан экен!
Көлдүн касиети ушул, күн чыккандан баштап толкун тереңге тартып ,ал эми түн киргенден таңга чейин толкундар жээкти карай толкуйт.
Ичиндеги акыр - чикирлерден Ысык - Кол ушинтип тазаланат.Мындай өзүн- өзү тазалаган дүйнөдө жалгыз биздин көлүбүз окшойт! Бул анын касиетинин белгиси деп эсептейм.
Менин таене- таятам өмүр бою көлдө жашаса да,бир да жолу көлгө түшкөн эмес экен.
,""Касиетинден кагылайын Ыйык - Көлүм ,мына дагы келип ,сени менен жүздөшүп отурам" деп колуна суудан кочуштап сузуп алып,бети- колун гана чайкап коюшчу эле!
- Таене-таятам экөөңөр эмнеге көлгө түшпөйсүнөр?- деп сурасам
- Ээ балам,бул касиеттүү көлгө денеңди салып булгабай таза кармаш керек.Антпесе көл эне таарынып калат - дечи.
Ал эми азырчы ,жашы деле карысы деле ,соосу да ,масы да , купальникчендери да ,самсаалап оронгону да чалпылдап жүрүшөт.Туалетке баргандан эринип бала - чакасын көлгө эле сие бер дегендери да кездешет.
Акчаны пачкалап тапса да ,кир суусун көлгө куюп салган абийирсиз санаторий - курорттору бар адамдар да бар!
Ушундай керемет жер биздин Мекенибиз болуп калганын карасаң! Кумдан башка эч нерсеси жок жерди кыргыздар жердеп калса,Мекендин баркын билет беле???
Дегеле , философиялык ойлор мээме кирет да,бул да көлдүн касиети окшойт...
Кичине көнүгүүлөрдү жасап,жаткан жайыбызды көздөй жөнөдүм.
Барсам баары уктап жатышыптыр.
-Ээй ,уйкучулар тургула! Кудайдын жиберген ырыскысынан куру калбагыла! " Энелүүлөөр эки тойду,аталуулар алты тойду"- таенемден уккан сөзүмдү кайталап кыйын болуп койдум!
Дагы эле турушпайт , чөмүчкө көлдөн суу сузуп келип суу сээп салдым эле,секирип турушту.
Мени кубалап көлгө алып барып жыгышты эле ,мен да аларды жыгылтып жатып , баарыбыз суу болдук.
Анан от жагып ,чай кайнатып эртең мененки тамакты ичтик.
- Түшкө чейин таштардан сүрөт көчүрмөй болдук.
Түштөн кийин каалагандар көлгө түшөт, ал эми мен саймалуу таштарга чыгып сүрөт көчүрөм.
Рюкзагыма карандаш,блокнотторду, фотоаппарат, телефон, ичкенге суу," сникерс", печеньелерди салдым да, чычырканактын калың өскөн жериндеги таштардын сүрөттөрүн көчүрөм деп ойлондум.
Тигил досторумдан алыстап ,тикенекке тытылып калың бадалдардын арасына кирип кеттим.
Улам бир чегилген жазууларга кызыгып ,көчүрүп жаттым.
Убакыт билинбей өтүп, саатты караса түшкү үчтөн өтүп кетиптир.
Тоо жактан шамал башталып ,күн карарып бузула баштады.
Кой ,жаан жаай электе , палаткага жетейин деп акырын чоң таштан түшө баштадым.
Күн аябай бузула баштады, чычырканактардын арасынан эптеп өтүп жээкти көздөй жыла баштадым.
Акырындап көлдүн үстүн булут басып , жөө туман каптай баштады.
Арылап мен дагы баса бердим,бир кезде туман ушунчалык калыңдап каптады.
Кайсы жак чыгыш,каягы батыш экенине башым жетпей ,каякка бараарымды ойлоно баштадым.
Каап ,ушундайда компас болсо жакшы болмок эле да.
Ким билди ,ушундай аба- ырайы өзгөрүп кетээрин...
Шамал кичине басылгансып калды,мен болсом тумандан эч нерсе көрбөсөм да ,көлдүн толкуну кайсы жактан толкуганын угуп ,ошол тарапка жыла баштадым.
Акырындап караңгы түшкөндөй сезилип баштады.Тумандын коюлугу,аппак кебездин арасына кирип алгандай элес калтырды.
-Сауле,Эрбол!!!!
- Тимур,Тимууур!
-Аруузат !
Тынбай кыйкыра бердим,бирок кыйкырыгым өзүмдүн эле жаныман угулуп жатты,бул коюу туман үндү да жутуп алат окшойт.
Рюкзагыман телефонумду алып чыктым ,бир да антеннанын сызыгы көрүнбөйт.
Мен корко баштадым,эмнеге жалгыз кеттим экен?
Өзүмдү өзүм жемелеп жаттым.
Саатты карасам адашып , тумандан чыга албай жүргөнүмө эки сааттай болуптур.
Бир азыраак отура турайын деп чечтим,суудан ууртап ойлонуп отурдум.
- Мындай коюу туманды өмүрүмдө көрбөгөн экенмин.Бир жолу Чүйгө конокко барганда көргөм,кыбырап бир саатта жетчү жерге үч саатта жеткенбиз.
Бирок Ысык - Көлдө мынчалык туман басканын такыр көрбөптүрмүн.Же көлдүн жээгинен ушундай туман басабы?
Аябай үшүп ,чыйрыгып да кеттим.Толкунга жараша баса берейин ,көлдүн жээгине жетсем ошол жээк боюнча батышты карай бассам табам го деп келе бердим.
Бир маалда туман сээлдей баштады, мен да чычырканактардын арасынан тытылып,колумду канатып баса бердим.
Акырындап коюу туман такыр азайды ,мына көл,тигине алыстан чокуларын ак кар ,көк муз баскан Ала- Тоо ...
- Охх, жаман катуу адаштым го!
Жээкке жакын жердеги ташка көчүк бастым.
Эки жагымды карасам, көзүмө бир башкача көрүндү.
Бул эмнеси?
Ошол эле Ысык-Көл,ошол эле Ала - Тоо,ошол эле толкундар...
Жоок,бул толкундар башкача экен ,бул толкундун көбүктөрү дагы аппак экен.
Асмандагы булуттары да көлгө жакын самсаалап турушат.
Бир заматта жүрөгүм шуу деди.Акырындап айланамдагы туман такыр тарады.
Тегерегимди карасам ,мен такыр башка жерде жүргөнсүйм.
Айлананы караңгылык каптады,мен такыр адашканымды сездим.Бир жерге эптеп отуруп уктайын да, эртең менен издейин деп бир чоң таштын коңулуна бүрүшүп, рюкзагыма отура кеттим.
УЛАНДЫСЫ БАР....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев