Катуу уктап кеткен экенмин,ак чардактардын үнүнөн ойгонуп кеттим.Канча уктадым билбейм, таң атып калыптыр.
Үшүгөнүмдөн калчылдап, титиреп эки жакты карадым. Шарпылдаган ак толкундары жээкке тээп ,толкуп жаткан Ысык- Көл,алыста кыргыздын ак калпагын элестеткен Ала- Тоо! Жээкке чыгып алып,көлдүн суусуна бетимди чайкадым, өзүм кадимкидей сергий түштүм.
Жээк менен басып кете берип , өйдө көздөй кеткен жалгыз аяк жолду көрдүм.
Болду болбоду ушул жол менен кете берейин,кантип бир тирүү жан жолукпасын деп басып бараттым.
Курсагым курулдап ,ачка болгонумду сездим, рюкзагымдан печенье алып жей баштадым.
Акырындап бадалдардын да арасынан чыктым...
- Ой тобо,бул жерде эмне болуп жатат?
Баягы жылы көчмөндөр оюндарында Кырчын жайлоосунда ушундай боз үйлөр тигилип турду эле.
Дагы бир майрам болуп жаткан окшойт деп ойлоп , жалаң боз үйлөрдөн турган айылга кирип келдим.Айланамдын баарында кыргызча кийинген кыздар ,жигиттер,деги эле баары кыргызча кийинген экен.
- Бул майрамды тарта турган, телевидениенин кишилери да,машиналар да көрүнбөйт.
- Чоң кыз ,бул жерде эмне болуп жатат,мен кайсы жерге келип калдым?
Мени таң кала караган ,чачы майдалап өрүлгөн он төрт -'он беш жаштагы кыз бир азга карап турду да ,ары жагындагы боз үйгө кирип кетти.
- Жооп берип койсо ,бир нерсе болобу? - жиним аябай келди.
Бир маалда тигил кыз кайра чыгып
- Энем сизди кирсин дейт !
Ии,ушундай эле дейм да , үйүнө кирип ысык чай ичсем кандай сонун болот - деп ойлонуп койдум.
Боз үйдүн астанасын аттап кирип туруп калдым.
- Саламатсызбы!
Боз үйдүн төрүндө балпайган байбиче отурган экен,мен мынчалык чоң элечек көргөн эмесмин ,мойнунда ,колунда жалаң күмүштөн жасалган жасалгалар. Ал мени карап унчукпай карап отурду.
- Арыбаңыз эне!- менин биринчи айткан саламымды түшүнбөй калдыбы деп,таенемче учурашып койдум.
- Ии ,бар бол кызым! Жолуң болсун,кайсыл жактан келе жатасың,кайсыл уруунун ,кимдин кызы болосуң?
- Менин атым Айтурган, Эрмекова фамилиям, Ак - Суу районунан элемин.Бул жакка досторум менен келип адашып кеттим - дедим.
- Сүйлөгөнүнө караганда кыргыз эле окшойсуң,бирок түрүн башкача .Кээ бир сөздөрүң мага түшүнүксүз болуп турат.Келегой өт,жолоочу келген үйгө ырыскы келет дечү эле- деп колу менен жанын көрсөттү.
Мен үшүгөн бутумдан бутсымды чечип ,акырын дасторкондун четине отуруп калдым.
- Кызым ,колуна суу куй!
Жанагы кыз ,сапсары жезден жасалган кумган менен жез илегенге колума суу куйду.
Колумду жууп ,берген кол аарчы менен колумду аарчып отуруп калдым.
- Кызым , жеңеңдерди чакыр, келип дасторконун даярдап ,конокко тамак ашын берсин!
- Айтурган кызым атаңдын аты Эрмек дедиңби?
- Ооба
- Кыргызда кыз бала ,чачын жайып жүрбөйт,күйөөсү өлгөн аял чачын жазып ыйлап,жоктоп ,андан кийин бир өрүм менен жүрөт.Бул сен чачынды эмне жайып алгансың?
Мен өзүмдү жаман сезип чачымды өрө коюп чөнтөгүмдөн чач байлагычымды ала коюп тагып отуруп калдым.
- Кийген кийимдерин да башкача ,сендей кийинген адамдарды көргөн эмес экенмин.
- Билбейм чоң эне,кечинде коюу туман каптаган,ошондон адашып, түнү бир таштын түбүнө уктадым.Ойгонуп алып ,келе берип ушул айылга туш болдум.
Боз үйдүн эшиги ачылып, эки элечекчен келин кирип келди.Бирок ,булардын элечеги жукараак оролгон экен.Ак боз матадан тигилген көйнөк, саймалуу чыптама, этегине суусар тигилген белдемчи.Колдору ,моюндары бүт күмүштөн жасалган зер буюмдар!
Басканда чолпу,менен чач учтуктары шынгырайт.
Кирип келип экөө тең чоң энеге жүгүнүп салам беришти.
- Өмүрүңөр узун болуп , алганыңар менен тең арып , тең карыгыла!
Келип дасторконго сары май,курут, сүзмө,каймак, каймакка упталган талкан, боорсок,калама нан ,бышкан эт коюлду.
Мага таң калыштуусу ,идиштери жалаң жыгачтан жасалган экен.
Экинчи келин сабада турган кымызды бышып- бышып туруп көөкөр формасында идишке кымыз куюп келди.
Жыгачтан жасалган чыныларга кымыз куюп, төрдө отурган чоң энеге сунду ,андан кийин мага берилди.Курсагым ачып турган жаным ,кымызды жутуп жиберейин дегенде , чоң эне колун көтөрүп,мени токтотуп койду.
- Оо кудурети күчтүү Көкө Теңирим ,жан - жаратылышты жараткан Улуу Жаратканым,ушул бизге берип жаткан ырыскыңа ыраазыбыз! Ичсин деп таза сууну бердиң,жесин деп мөмө - жемиштерди бердиң, багып жүнүн кийим кылып ,этин жеп күч- кубат алсын деп малдарды бердиң!
Ыраазыбыз,ыраазыбыз,ыраазыбыз! - деп чоң эне эки колун бетине тийгизип бата тилеп койду.Баарын карап отуруп ,мен да бата тилеп койдум.
- Ии ,келегой эми ,тамакка кара, кымыздан ич!
Мени ,бул кандай сугалак неме экен деп ойлобосун деп , канчалык ачка болсом да , билгизбей акырын чайнап жеп жаттым.
Эшиктен бир жигит ,ысык шорпону көтөрүп келди.Ал жигиттин да кийими ,биз майрамдарда гана кийчү кыргыз кийимдери экен.
Алып келген ,ысык шорпону жакшы көрүп аябай ичтим.
Артынан эт келди,эттин даамы да бир өзгөчө даамдуу экен.Тиги жигит этти майда туурап , үстүнө бир пиязбы же согонбу,айтор туурап чык кылып кошту.Жыгач кашык менен бешбармакты жеп жатып , ойлонуп койдум.
Бул жакта камыр жасабайт окшойт деп...
- Эми кызым ,кечинде уулдарым келет,айылдын аксакалдарын- байбичелерин чогултуп, алардын кеңештерин угалы! Сен өзүң жөнүндө кененирээк ошондо айтып бер!
Ал эми азыр ,менин келиним сага ылайыктуу кийимдерди берет,ошону кийип ал,алдагы кийип турган кийимдерди кыз бала кийгени туура эмес болот!
- Жашың канчада ?
- Жыйырмага быйыл чыгам.
- Уулжан , Айтурганды алып барып,ылайыктап кийим кийгиз , кыздын кулагында сөйкө салынып жүрүү керек.Калганын өзүң бил!
Биз жанагы боз үйдөн чыгып,башка дагы бир жасалгалуу боз үйгө келдик.
Бул боз үй биринчи боз үйдөн кичирээк экен.
Уулжан жеңе ( мен да жеңе деп алдым)
бурчта турган сандыгын ачып ,мага кийим карай баштады.
- Атың ким?
- Айтурган
- Мен Уулжанмын. Бул кийимдеринди чеч,сага ылайыктуу көйнөктөрдү карайын.
Экөөбүз бирдей эле экенбиз,менин кийимдерим сага чак болот.
Кызыл түстөгү,жибекке окшогон кездемеден тигилген көйнөк алып чыкты.
Кийип көрсөм тим эле ,менин размерим менен тигилгендей экен.Моюну бүрүп тигилген, жеңи да узун,бели ичке,этеги кош этек кылып тигилиптир.
Капкара баркыттан тигилген узун чыптама да мага чак келди.Чыптаманын саймасы көздүн жоосун алат,менин кызыкканымды байкаган Уулжан жеңе
- Мен жети жашымдан баштап сайма саям,жактыбы - деп калды.
- Ооба ,аябай ,бизде машиналар сайма саят.
- Алар кимдер ,кишилерби?
Жок,алар темирден жасалган машиналар .
Мен машинаны түшүндүрүп айта албай калдым, эртең мененден бери ,оюма келип жаткан нерсе тастыктала баштады ...
Бир топко экөөбүз тең унчукпай калдык, анан апакай , коёндун терисине окшогон териден жасалган , төбөсүндө үкүсү бар тебетейди алып мага берди.
- Кел эми , чачынды өрүп салалы.
Бир өрүм менен кыздар жүрбөйт ,аны менен жесир аялдар жүрөт.
- Эки өрсөк болобу?
- Жок, эки өрүм, турмушка чыккан күндөн тартып келиндер өрөт!
- Аа кыздарчы?
- Кыздар секелек кезинде кырк өрүм өрөбүз.
Сеникин дагы майдалап өрүп коёюн.
- Кызык чачтын эле ушунча түрү барбы?
-'Ошол чачтан билинет да ,кызбы,келинби
Сандыгынан кооз кутуча алып чыкты,андан күмүштөн жасалган, кооз таштар чөгөрүлгөн шакек,билерик, сөйкө,бой тумар, алатамак ж.б зер буюмдарды алып чыгып ,мага такты.
Зер буюмдардын оордугунан кадимкидей койкоюп,түзөлүп басып калдым.
Бутума жумшак териден тигилген кызыл ,бир карасаң өтүккө окшош маасы берди.
Тыбыттан токулган жүн байпак менен кийип алып,бутум чымчыктын уясына киргендей болуп жылып эле калдым.
Эми кечки чогулушта ,менин тагдырымды чечишет окшойт деп,ойлонуп отурдум.
Мен каякка келип калдым?
УЛАНДЫСЫ БАР....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев