АДАШПАГЫН АЯЛЗАТ.
( Сөздөр таасир этип, жүрөктөр жумшарып, кечирүүгө даяр болуп калса деген ниетте жазылды. Албетте кээ бир гана адашып жүргөн келиндерге арналат.)
Капа болуп, көңүлү чөккөн келиндер,
Кантсе дагы, туура болбойт кебиңер.
Келме кезек, сага келет бир күнү,
Кайтар дүйнө, ошону да билиңдер.
Акыйкатты айтып, жүрөк тынч алсын,
Айтпасам, абийир кантип тазарсын.
Атылган ок, сөз ээсине тийгенде,
Айыптарын, сезген аялзаты уялсын.
Кайненеңди, коркутуп неге качасың,
Качып жүрүп, кызыл чокту басасың.
Кайра кайтпайт, өкүнсөң да ордуна,
Күндөр өтүп, арман кылып жатаарсың.
Картайуу бар, ар бир башта катылган,
Кимге кандай, оор жеңили жазылган.
Кечиримсиз, жеңилбеген пендеге,
Кабырдагы, тө