Жашы 40 тан ашкан адамдарга насаат...
1. Эч жериңиз оорубаса да жылына бир жолу хижама (кан алдыруу) жасатып туруңуз.
2. Чаңкабасаңыз да дайыма суу ичип туруңуз. Анткени ден-соолук көйгөйлөрүнүн көпчүлүгү денеде суунун жетишпестигинен пайда болот.
3. Убактыңыздын тардыгына карабастан спорт менен машыгыңыз. Дайыма денеңизди кыймылда кармаңыз, жок дегенде басыңыз. Сууда сүзүңүз, кыскасы спорттун кайсы түрү менен болсо да машыгыңыз.
4. Азыраак тамактаныңыз. Адам баласына муун, сөөктөрүн кармап турганчалык эле тамактануу жетиштүү. (Хадис). Ашыкча тамак-аштан арылыңыз. Анткени көп тамактануунун аягы арман менен бүтөт. Өзгөчө химиялык кошулмалар кошулган тамактардан алыс болуңуз.
5. За
Чыланып кызылы чыгып бүткөн чайдын чамасына муздак суу куюп туруп муздаткычка 15 мүнөттөй коёсуз. Андан кийин чарчап турган же кызарып калган көзүңүзгө бассаңыз көзүңүздү жандантат.
Жаңы чыланган чайдын чамасы суугандан кийин денеңиздеги көгала тактарды тез кетирүүгө да жардамы тиет. Анткени кара чайда ийлөө заттары кезиккендиктен шишикти бат таратып, кан тамырлардагы кан айлануу системасын жакшыртат. Жакшы жыйынтык алуу үчүн бул компрессти бир күндө эки жолу жасасаңыз болот.
Ошондой эле чайдын чамасын күнгө күйүп калган териңизге да компресс кылсаңыз жакшы болот. Эгер күн нуруна катуу күйүп калсаңыз, чай ваннасын алуу абзел.
Сакал же чач алганда кесип алган жерлерге чай баштыкчасын