Атым Сабира. Жашым 55те. 5 жашымда эле ата-энемден айрылып жетим өстүм. Жетимчиликтин азабын тарттым, жашоодон үмүт үзгөн күндөрүм көп болду. Ар кимдин үйүнө түрткүнчүк болуп, ыйлап- сыктап орто мектепти бүтүп алдым. Менин балалык күндөрүмдө коштолгон азап ушул күнгө чейин уланып келет. Эл катары орто мектепти аяктап ЖОЖдордун бирине тапшырып ак халатчан, ак көңүл дарыгер болсом деген кыялымды ит каап, тааныбаган кошуна айылдагы жигит ала качып кетти. -Олтурбайм!- деп ыйлаганымды эч ким укпай, баласын мактап, мени болсо алдап “ушул чоң үйгө сиңип, орун-очок алып ал”-деп ар тараптан жулмалаган апалар олтургузуп коюшту. Айла жок тагдырга баш ийип, тааныбаган адам менен бир жаздыкка баш жаздап,