Акылдуусуң,
алда кайда баспаган,
Арзуум эле
"сени менен бак табам..."
Ажыраган болсок дагы экиге,
Ар күн сайын баракчаңа баш багам.
Аябай көп
жакшы түшкөн сүрөтүң,
Андан өтүп, жакшы жансың бир өзүң.
Сени бир кез аламбы деп жоготуп,
Уурдап алгам сүрөтүңдүн бирөөсүн.
Мүмкүн эмес болчу бизге үзүлбөө,
Уячаң да,
күлкүң ошол жүзүңдө.
Достор сурап калган кезде айтчумун,
Ушул кызга үйлөнөм деп күзүндө.
Жан дүйнөмдү
башка бирөө жаз кылаар...
Сени дагы турмуш жолго шаштыраар.
Айылынан чыкпайт дешет жакшы кыз,
Жакшы кызсың,
"жакшы" бойдон, жакшы кал...
Арген БОЛУШОВ
...
Эргүү келип, токтой албай толгонгом,
Эмне деген сөз берметин колдонгом.
Кайдан гана жолукканбыз? Кай күнү?
Кайран сага, ыр саптарым кор болгон...
Муң жутканмын... Ызгаарыңа тумчуккам.
Жылуу сезим үмүт кылам бул кыштан.
Ээсин таппай ак барактын ичинде,
Жетим ырлар жетимсирейт туш-туштан.
Муздак бойдон мамилебиз, ортобуз.
Экөөбүз тең эки башка жолдобуз.
Сезимдерди жылуу кармап турчу эле,
Узап кеткен ал эки миң он тогуз...
Арген БОЛУШОВ