1 - Аллах Таала он эки айдын ичинен ушул айда Куранды түшүргөнү, жана ушул айда отуз күн орозону парыз кылгандыгы, бул ай,башка айларга караганда, Ага сүйкүмдүрөөк экендигине жана бул айдын артыкчылыгына далил болот.
Аллах Таала айтты:
"Рамазан айы, адамдар үчүн хидааят( туура жол) болгон, акыйкатка ачык айкын далилдер болгон, ак менен караны айырмалоочу, Куран түшүрүлгөн ай. Силерден кимде ким ага( айга) күбөө болсо анд орозосун кармасын".
📑 [Бакара сүрөөсү: 185]
2 - Рамазан айында кылынган жакшы амалдардын сооптору, башка айларга караганда артык.
Пайгамбрыбыз( صلى الله عليه وسلم) айтты: " Рамазандагы умра ажыга барабар".
📚[Сахиихи Бухаарий:1782]
Башка хадисте: "Ким имам менен чоогу түнкү ( таравих) намазды ал( имам) кеткиче( намаз бүткүчө) окуса,түнү менен намаз окугандын сообу жазылат".
📚[Сүнан Аттирмизий: 806].
Таабиьин Имаам Зухрий( رحمه الله) айтты:
"Рамазанда айтылган бир тасбих, башка кездеги айтылган миң тасбихке барабар".
📚[Сунан Тирмизий:3472].
3- Рамазанда орозо кармоо, жана түнкү намазды( таравих тахажжуд) окуу, күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот.
Пайгамбарыбыз (صلى الله عليه وسلم) айтты:
"Ким рамазанда ыйман келтирген абалда, Аллахтын ыраазылыгын көздөп, орозо кармаса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет".
📚[Сахиих Бухаарий: 38]
Башка хадисте: "Ким рамазанда ыйман келтирген абалда, Аллахтын ыраазылыгын көздөп,түнкү намазды окуса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет".
📚 [Сахиих Бухаарий: 37]
4- Рамазан айында бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат, жана шайтандар байланат.
Пайгамбарыбыз( صلى الله عليه وسلم) айтты:
"Рамазан айы кирип келгенде, асмандын эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат, жана шайтандар байланат".
📚 [Сахиих Бухаарий:1899]
5- Рамазан айынын акыркы он күнү бул дүйнөдөгү эң жакшы, эң улук күндөр, ошол себептен Пайгамбарыбыз ( صلى الله عليه وسلم) ал күндөрдө ибаадатка катуу киришчүү.
Аиша энебиз ( رضي الله عنها) айтты:
"Пайгамбарыбыз( صلى الله عليه وسلم) Акыркы он күндүктө башка күндөргө караганда ( ибадатка) өзгөчө киришчүү. "
📚 [Сахиих Муслим: 1175]
Башка хадисте Пайгамбарыбыз( صلى الله عليه وسلم). " Акыркы он күндүк кирип келгенде, белин байлап, түнүн ( ибаадат менен) тирилтип, үй бүлөсүн ойготчу".
📚[Сахиих Бухаарий: 2024]
6- Бул айда миң айдан артык болгон кадыр түн кечеси бар.
Аллах Таала айтты:
"Кадыр түн миң айдан жакшы".
📑 [Кадр сүрөөсү: 3]
Пайгамбарыбыз ( صلى الله عليه وسلم ) айтты:
"Кадыр түндү акыркы он күндүктүн так күндөрү күткүлө".
📚 [ Сахиих Бухаарий:2017].
Башка хадисте: "Бул айда миң айдан жакшы болгон бир түн бар, ким анын жакшылыгынан кур калса, чынында эле чоң жакшылыктан кур калыптыр".
📚 [ Аттаргиб уа аттархииб. Мунзирий]
7- Рамазан келгенде ,мурда өткөн рамазан экөөнүн ортосундагы кичинекей күнөөлөр кечирилет.
Пайгамбарыбыз( صلى الله عليه وسلم) айтты:
"Эгер чоң күнөөлөрдөн алыс болунган болсо, эки рамазандын ортосундагы күнөөлөр кечирилет".
📚 [Сахиих Мусли: 233]
8-Бул айда сухуур кылууда ( эртемененки ооз жабардагы тамакта) береке бар. Пайгамбарыбыз( صلى الله عليه وسلم) айтты: " Силер сухуур кылгыла анткени сухуурда береке бар".
📚[Сахиих Бухаарий:1923]
Бул айда пайгамбарыбыз ( صلى الله عليه وسلم) ибаадатка өзгөчө киришчүү.
Ибну Аббаас ( رضي الله عنه) айтты:
"Пайгамбарыбыз(صلى الله عليه وسلم) адамдардын ичинен эң берешени эле, ал рамазанда өзгөчө берешен болот эле".
📚[Сахиих Бухаарий: 6]
⏺️Жана ошондой эле бул айдын чыныгы кадыр баркын өткөн "Салаф Ассаалихтер" да барктап билгендиктен алар рамазандан кийин алты ай: "Эй Аллахым биздин рамазанда кылган ибаадаттарыбызды кабыл кыл" деп дубаа кылышса, жылдын экинчи алты айында: "Эй Аллахым,бизди рамазанга жеткир" деп Аллахка жалбарып дубаа кылышчу, жана бул айды Куран айы деп аташып Куран окуу менен өткөрүшчүү.
⏺️Таабиьин Имаам Зухрий айтты:
"Рамазан айы кирип келсе ал Куран окуу жана тамак берүү ( айы)".
Урматтуу мусулман бир туугандар, ушундай улук айды текке кетирбей, андагы көптөгөн соопторго жетүүгө аракет кылып Аллахка көп көп ибаадат кылалы, өзгөчө Куран окуу менен өткөрөлү анткени бул ай Куран айы,Куран окуганды билбегендер болсо үйрөнгөнү аракет кылалы, эгер үйрөналбасак анда жок дегенде аны көп көп угалы. Өзүбүздүн нафсыбызды орозонун фарыз болуусунан негизги максаты болгон такыбалыка тарбиялап аны тозоктон куткаралы.
Аллахым баарыбызды бул айда тозок азабынан азат кылынуучулардан кылсын!!!
👤Абдумалик Шерматов устаз'дан келтирилди.
➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖
⏺️Аалымдар сөзү
Инстаграм/Телеграм: @aalymdar
Одноклассники: www.ok.ru/aalymdar Фейзбук: www.facebook.com/aalymdar
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев