Куптан менен таравихтин арасындагы убакыт тар болсо – кантип мен куптандын сүннөт намазын окуй алам?
❗️ ЖООП. Шейх Сулайман ар-Рухейли айтты:
[Парздан кийин] зикр кылып бүтсоң, туруп 2 рекет куптандын сүннөтүн жеңилдетип оку. Зикирди болсо тез-тез айт. Мисалы: “СубхаанаЛлах”ты 10 жолу, “аль-Хамду лиЛлях”ты 10 жолу, “Аллаху акбар”ды 10 жолу. Ушундай зикр кылуу дагы сүннөттө келген. Анан таравихке чейин 2 рекет сүннөттү жеңилдетип (узун кылбай) окуй сал. Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) түнкү намаздарды окуур алдын, эки жеңил рекет менен баштайт эле. Аалымдар айтышат: бул түнкүсүн уйкудан намазга турган киши, уйкусун кетирүү үчүн дешет.
Куфтандан кийинки сүннөтү окуу керек, себеби ал сүннөт Рамазанда дагы, Рамазандан сырткары дагы, дайым окулчу нерсе. Эки рекетти тез окуп туруп, анан имам менен таравихке кирүү керек.
Булак: islamjolu.kg ➖➖➖➖➖➖➖
Телеграм: @aalymdar
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев