❓ СУРОО. Программабызга бул кат радиоугарман мусулман эжелерибиздин бирөөсүнөн келип түшүптүр. Судандан Нафиса Баша аттуу эжебиз сурап жатат жана анын 3 суроосу бар экен. Биринчи суроосунда айтат: “Көп убакыттан бери ооруп жүргөн дартым себептүү мен орозо тута албай келем. Өткөн Рамазандын күндөрүн да кармай алган эмесмин. Ар бир күнгө берилчү каффараттын өлчөмүн билейин дедим эле жана аны акчалай төлөп койсо болобу?”.
❗️ ЖООП. Муфтий Шейх Ибн Баз айтат:
Эгер адис доктурлар сенин оорууң кетүүсүнө үмүт жок, айыгышы кыйын экендигин айтышса, анда, өлкөдө тамак деп эсептелген курма, күрүч, буудай ж.б.у.с. продуктылардан ЖАРЫМ СООЪ тамак менен бир күнгө бир кедейди тоюндурушуң керек. Бул болжол менен бир жарым килограммга тете.
Анын ордуна акча төлөп коюу болбойт. Себеби, орозого чейин же андан кийин – ТАМАК МЕНЕН БЕРҮҮ – милдет болуп саналат. Орозого чейин болобу же андан кийинби, бир кедейге баарын береби же бир нечесинеби – айырма жок.
Ал эми оору айыгып кетишине үмүт бар болсо – анда орозонун казасын тутуп берүү парз. Аллах Таала айткандай: “... ким оорукчан болсо же сапарда болсо – анда башка күндөрдө тутуп берсин” (2:185). Демек, пыпаа болгуча орозону кармабай кечиктирүү уруксат.
Аллах оорулуу адамга башка күнү орозосун кармап берүүнү парз кылды, бирок тамак берүүгө буюрган жок. Оорукчан адам же мусапар канча күн оозу ачык болсо, кийин ошончо күн тутуп берүүсү милдет.
Ошондуктан, Аллах сага шыпаа берип, сен сакайгыча көп убакыт өтсө да – бир жыл, эки жыл же үч жыл мейли өтсүн – бирок, ден-соолугуң кайтып келишине үмүт бар болсо жана доктурлар оору өнөкөт экенине корутунду чыгарышкан эмес болсо – айыккандан кийин орозонун казасын тутуп беришиң керек.
Ал эми адис жакшы доктурлар оору өнөкөт (хронический), ал кетпейт экенине тыянак чыгарышса – андай учурда кедейлерге тамак берүү сага уруксат, Аллахка мактоолор болсун, жана орозонун эч кандай казасын тутпайсың.
🌏 https://binbaz.org.sa/fatwas/17157/%D8%AD%D9%83%D9%85-%D9%85%D9%86-%D8%B9%D8%AC%D8%B2-%D8%B9%D9%86-%D8%A7%D9%84%D8%B5%D9%8A%D8%A7%D9%85-%D9%84%D9%85%D8%B1%D8%B6 -------------------- www.islamjolu.kg ➖➖➖➖➖➖➖
Телеграм: @aalymdar
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев