Салафия өзүнчө мазхаб эмес же бир мазхабка гана тиешелүү нерсе эмес. Тескерисинче белгилүү төрт мазхаб салафиянын ичинде. Төрт мазхаб – бул салафия мазхабтары, себеби алардын илимий жолу: Куран-Сүннөттү сахабалардын жолунда түшүнүү – ал эми бул салафия дегендик.
Илимди төрт мазхаб менен эле чектеп коюш – илимге болгон кыянатчылык. Себеби Шариатка кызмат кылып, бирок мазхабтары таркалбай, фетвалары китептерде гана сакталып калган да чоң уламалар бар: аль-Авзаъий, Суфян ас-Саури, Суфян ибн Уейна, Лейс ибн Саъд, Ибн Мубарак.
Ар бир аалым – илимдин бир бөлүгүн, сүннөттүн бир үлүшүн алып жүрөт. Болгону төрт мазхабтын шакирттери имамдарынын китептерин таркатышып, алардын илимин улап кетишкен. Ошондуктан башкаларга караганда бул төртөө белгилүүрөөк болуп, фетвалары басымдуураак таркалды.
🚫 “Бир гана биздин мазхаб туура, ошону гана карманыш парз” деп айтуу – ката сөз. Себеби эч бир аалым катадан аман калган эмес. Көп эмес маселелерде ар бири эле ката кетиришкен. Бирок, аалымдар биринин катасын бири оңдоп түзөп турушкан. Себеби кээ бирөөнө жетпей калган далилдер башкаларга жетип, биринчиси билбегенди экинчилери билген учурлар кездешкен. ✅
ℹ️ Илимдүү киши (аалым же толиб) – өзүн бир мазхабка тиешелүү кылса да, дайым далилдер менен жүрөт. Элдер ага кайрылышса – далилдин негизинде жообун карап берет, далил кайсыл жерде болсо да алат, өзүнүн маззабындабы же жокпу.
ℹ️ Ал эми карапайым адам – илимдүү кишини тандап, ага кайрылат. Ал илимдүү киши кайсыл мазхабта болсо карапайым адамдын мазхабы ошол делет.
Сауди Аравиясынын Муфтийи шейх Абдулазиз ибн Баз мазхабтар тууралуу фетвасы
❓ СУРОО. Ханбали, Шафи, Малики жана Ханафи – бул төрт мазхаб туурабы, жана кайсыл учурда пайда болушкан?
❗️ ЖООП. Шейх Ибн Баз айтты:
Ханбали – булар Имам Ахмад ибн Ханбалдын ээрчүүчүлөрү. Шафи – булар Мухаммад ибн Идрис аш-Шафинин ээрчүүчүлөрү. Малики – булар Имам Малик ибн Анастын ээрчүүчүлөрү. Ханафи – булар Абу Ханифа Нуъман ибн Сабиттин ээрчүүчүлөрү. Аларга Аллах ырайымын төксүн.
Бул төрт мазхаб илим ээлерине белгилүү. Бул мазхабтар [салафтардан] кийинки, [хижрат жыл санагы боюнча] үчүнчү жана андан соңку кылымдарда жайылды. Ал эми Абу Ханифанын мазхабы экинчи кылымда пайда болду жана таркалды. Ошондой эле Имам Маликтин мазхабы да экинчи кылымда таркалды. Булардан кийин аш-Шафинин жана Ахмаддын мазхабтары үчүнчү кылымда белгилүү болду.
Булар жакшылыктын, хидаяттын жана акыйкаттын үстүндө – Аллах алардан ыраазы болсун, Өз ырайымына алсын! Булар Хидаяттын жана жакшылыктын аалымдары.
Бирок кимиси болбосун, “Бул Имам катадан алыс (маъсум), эч ката кылбайт” деп айтуу уруксат эмес. Себеби ар биринин – ага жетпей калган Хадистерге жараша, Куранды жакшы билүүсүнө жараша – каталары болот. Кээ бирөөнө Куран-Сүннөттөн далилдер жетпей калышы мүмкүн. Бул бир гана алар менен эмес, бирок аль-Авзаъий, Исхак ибн Рохавейх, Суфян ас-Саури, Суфян ибн Уейна, Вакиъ ибн Жаррох сыяктуу башка белгилүү имамдар менен да болчу белгилүү эле нерсе.
Ким гана болбосун Сүннөттү толук биле албайт, Илимди толук камтый албайт, ошондуктан ар бирине эле илимдин кээ бир бөлүгү жетпей калышы мүмкүн. Бирок алар – Хидаяттын имамдары. Ар биринин өзүнүн шакирттери болгон. Алар устаздарынын фетваларын чогултушуп, мазхабын ирээттешкен. Ошентип бул төрт мазхаб таркалган. Устаздарынын ар бир маселе боюнча фетваларын жыйнашып, шакирттери китеп чыгарышкан.
Албетте, кээ бирөөлөрүндө каталар кездешкен. Себеби ага Сүннөт жетпеген соң, ал ижтихад кылып, өз пикири менен жооп берген, анан ал нерсе ката болуп чыккан. Ал эми экинчисине хадис жетип, аны колдонуп туура жооп берген.
Анча-мынча, көп эмес маселелерде ар бир эле имам ката кетирген. Ошондуктан Имам Малик: “Ар бирибиздин сөзүбүз кабыл кылынат же ташталат, бир гана бул кабырдын ээсинен башкасы” деп Пайгамбарыбыздын ﷺ кабырын көрсөткөн болот.
Ал эми бир мазхабты гана ээрчүү маселесине келсек – бул илим талабаларынын иши. Толибтин бир мазхабтын эрежелери, усулдары ага ылайык экенин көрүп, өзүн ал мазхабка тиешелүү кылуусунда проблема жок. Бир гана нерсе – ага сокур ээрчүү (таклид) болбойт. Шафини, Ахмадды, Маликти, Абу Ханифаны ж.б. сокур ээрчибейт. Бирок, алар каяктан алса – ошол жерден алат, далилдерге назар салат. Талаш (хиляф) маселелерде кимисинин далилдери күчтүүрөөк болсо – ошону алат. Бирок аалымдар бирооздон пикир келишкен жерде (ижмаъ) эч ким аларга каршы чыгуусу болбойт. Себеби “Менин үммөтүмөн дайым акыйкаттын үстүндө болгон тайпа боло берет” деген хадиске ылайык – аалымдар жалган нерсенин үстүндө ижмаъ кылышпайт. Эгер бир маселеде ижмаъ болсо – хадисте айтылган жеңүүчү тайпа ушулар.
Албетте, хиляф маселелерде аалым далилдерге көз чаптыруусу милдет. Эгер далил Абу Ханифада болсо – аны алат, эгер Маликте болсо – аны алат, эгер аш-Шафиде болсо – аны алат, эгер Ахмадда болсо – аны алат, ошондой эле аль-Авзаъийде же Исхакта болсо – аны ала берет.
❕ Демек, далилди кабыл кылуу, далилге каршы келген нерсени таштоо – парз.
Себеби Аллах Таала айтат: “Эгер бир нерседе талашып калсаңар – аны Аллахка (Куранга) жана Элчиге (Сүннөткө) кайтаргыла” (4:59), “Кандай гана нерседе талашып-тартышпагыла – анын [туура] өкүмү Аллахтын алдында” (42:10).
❕ Инсандар арасында пикир келишпей калган маселелерди Куран-Сүннөткө кайтаруу, анан кандай далил оорураак болсо ошол жоопту адамдарге берүү – илим ээлерине парз.
Ал эми карапайым адам – өз заманындагы аалымдардан фетва алат. Карапайым адам кайсыл аалымдан фетва алса – ошол аалымдын мазхабында деп эсептелет.
[Алгач] – өз мекенинде болобу же чет жактанбы – жакшы, илимдүү, авториттетүү аалымды тандаш керек: сырткы кебетесинде Пайгамбарды ﷺ ээрчүү көрүнүп турабы, такыбалыгы жана илими кандай экен, адамдар [аалымдар] ал тууралуу эмне дешет, акыйкатты, Сүннөттү карманабы, намаздарына такпы, сакалын өстүрөбү, шымын кызыл ашыктан ылдый сүйрөп журбөйбү, кийин өзүнө сөз болбочудай күмөндүү жерлерден алыспы ж.б. аалымдын Түз Жолдо экендигине ишарат кылган белгилерин карайт. Сырткы кебетесинен жакшылык көрүнгөн, илим менен белгилүү болгон аалымды тапкан соң –муктаж болуп жаткан суроолорун ага берип, жооп алат.
Аллах Субханаху ва Таала айтат: “Аллахк күчүңөрдүн жетишинче такыбалык кылгыла” (64:16), “Эгер билбесеңер зикр [илим] ээлеринен сурагыла” (21:7)
🌎 http://www.binbaz.org.sa/node/4729 Булак: ИЛИМжолу
#сахабалар_жолу #ахлю_сунна #акыйда #мазхаб
➖➖➖➖➖➖➖➖
Телеграм: @aalymdar
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев