Ээй жакшылыкты (соопту) каалоочу жүзүңдү жакшы амалга бур.
Ээй жамандыкты каалоочу күнөөңдү ташта.
Рамазандын ар түндөсү Аллаһ
тозоку болгондорду тозоктон бошотот.
Ээй жакшылыкты каалоочу жүзүңдү жакшы амалга бур.
Ким жакшылыкты каалабасын ?
Баарыбыз каалайбыз. Бардык инсандар жакшылыкты каалайт.
Бирок каалоо менен гана жетишүүгө мүмкүн эмес.Сөзсүз түрдө амал кылуу керек.Эгер соопту кааласаң амал кыл.
Аллаһ Тааьла айтат;
وَمَنْ أَرَادَ الْآخِرَةَ وَسَعَىٰ لَهَا سَعْيَهَا وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَأُولَٰئِكَ كَانَ سَعْيُهُم مَّشْكُورًا
(Ким акыретти кааласа(максат кылса) , ал Аллахга,анын соопторуна ыйман келтирип бейишке алып баруучу жол менен барат.Мына ошолорго амалдары кабыл болуп аларга сооптор берилет) [Исраа: 19]
Эгер сооп кааласаң амал (Аллахтын буйруктарын) кыл.Жакшылыктарды кыл, сенин соопту каалоң өзү жетиштүү эмес.
Хадисте айтылат; Колунан эч нерсе келбеген адам ал - өз нафсисинин каалоосун ээрчип (күнөөлөрдү кылып) тообо кылбастан Аллахтан кечирим күткөн адам.
Тообо кылбастан Аллахтан кечирим суроо пайдасыз, амал кылбастан соопту каалоо пайдасыз.
Эй жакшылык каалоочу жүзүңдү жакшылыка бур.Аллахка ибадаттарды кылуу менен жүздөн. Жакындоочу амалдар менен Аллахга
бет ал.
Ошолордун эң биринчиси парздарын өз убактысында аткар кийин башка амалдарды.
Аларга амал кыл,ибадаттын ар түрүн кыл.
Жакын арада аларга(амалдарыңа) өзүң муктаж болосун.Керек болсо бир жакшылыка муктаж болосун эгерде ажалың келип калса, амал кылуу мүмкүнчүлүгүң бүтүп калса.
Жакшы амал кылуу үчүн артка кайтууну каалап каласын бирок мүмкүн болбой калат.
Азыр сен амал кылып сообун талап кылуучу , күнөөлөргө кечирим суроочу замандасын.
Аллаһ сени орозо айына жетүүчүлөрдөн кылды ибадаттарды эртелет, Аллахга жакындоочу амалдарды кыл.
Ээй жакшылыкты (соопту) каалоочу жүзүңдү жакшы амалга бур. Садака,ибадат,жакшы иштер,бардык жакшы амалдарды аткар андан башкасынан алыста.
Албетте Аллах кабыл кылат көп же аз болсун.
Аз болсо эселеп көбөйтүп берет.
Аллаһ Тааьла айтат;
إِنَّ اللَّهَ لَا يَظْلِمُ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ ۖ وَإِن تَكُ حَسَنَةً يُضَاعِفْهَا وَيُؤْتِ مِن لَّدُنْهُ أَجْرًا عَظِيمًا
(Албетте Аллаһ Тааьла кичинекей кыпынчалык да зулумдук кылбайт,эгер жакшылыгы болсо эселеп көбөйтүп берет,кимдин жакшылыгы көп болсо ажрдын(сооптун)улуусу бейишти берет)
[Ниса;40]
Сен жакшылыктын бүт түрү менен Аллахга жүздөн.Албетте Аллах кабыл кылуучу.
Эгер сен Аллахтан жүз бурсаң ,Аллах сенден жүзүн бурат. Аллах сага муктаж эмес.
Аллахга муктаж бечара ,мискин сенсин.
🎙Шейх Соолих Аль Фаузан (Аллах аны сактасын)
📝Кыргызчалаган: Надырбек Максытов
➖➖➖➖➖➖
Телеграм: @aalymdar
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев