Бирок, Майкл Харт өзүнө жана өзүнүн жардамчыларына ишенбей (ар кимдин өзүнүн кумир туткан, же көңүлгө жаккан адамын тандап коюшу мүмкүн) ошондуктан атайын анализ кылган программасы бар компьютер колдонушат. Ал программага дүйнөдөгү белгилүү жана мыкты деп эсептелген адамдардын бардыгынын максатына жетишкендери тууралуу, тарыхка жана жашоого таасир бергени тууралуу, илимге пайда келтиргени тууралуу жана башка руханий жактан маданият жактан көп салымын кошкону тууралуу киргизишет. Ошонун негизинде компьютер анализ кылып арасынан мыкты деп 100 адамды чыгарат. Бул 100 адамдардын арасында Исаак Ньютон, Чынгызхан, Майкл Джексон, Альберт Эйнштейн жана башкалар түзөт эле. Эми 100 мыкты тарыхта ииз калтырган адамдарды билишкенден соң, мыктылардын эң мыктысы ким экендигин билишет. Харт толкундануу менен керектүү баскычты басканда, бир нече секунддан кийин компьютердин экранынан "Мухаммад Пайгамбар" деп чыгып калган болот. Албетте мындайды күтпөгөн Харт жана анын жардамчылары таңкалышып, дагы кайталап анализ жүргүзүшүп көрүшсө дагы Пайгамбардын аты чыгып калат. Өзүлөрү жасап чыгарган программа мындай жыйынтыкты чыгарганына канаттанышпай, балким программанын бир жагында ката кетип жаткандыр деп бир нече жолу программаны текшерип көрүшүп, бир нече жолу анализ жүргүзүшсө кайрадан "Мухаммад Пайгамбар" деп чыга берет. Себеби Пайгамбар (сальяллоху алейхи ас-сальям) программа талап кылган бардык жакшылык жактан бардыгынан өйдө турган болот. Жыйынтыгында илимпоздор Пайгамбарыбыз (сальяллоху алейхи ас-сальям)ды мыктылардын эң мыктысы - деп эсептешкен.
Кийинчерээк Майкл Харт жүргүзгөн анализи боюнча "Тарыхтагы 100 мыкты адам" аттуу китеп жазып чыгарып, эң биринчи орунга "Пайгамбар Мухаммад" деп коёт. Жана муну мындайча түшүндүрөт: "Мындай чечимге келгенибизге окуган окурмандар таңкалышы мүмкүн. Мен өзүм деле христиан болгондон кийин, Иисус (Иса) пайгамбарды биринчи орунга коймокмун, бирок, Мухаммад диний жактан дагы турмуш тиричилик жактан дагы аягына чейин жетишкен жалгыз тарыхтагы адам"
ошондой эле, ал айтты:
Пайгамбар, Элчилер жана акылмандар болгон, бирок алар баштаган жолун аягына чейин чыкпай көз жумушкан, жалгыз Мухаммад Пайгамбар баштаган жолун аягына чейин чыгып, диний нормаларды орнотуп жана Ал тирүү кезинде эле көптөгөн элдер (өлкөлөр) жолдошкон. Динден тышкары жаңы мамлекет негиздеген, элдерди жана урууларды бириктирген, аларга жашоонун негизин жана мыйзамын көрсөткөн. Ошентип тарыхга чоң таасири тийген"
#кызыктуумаалымат #Исламдини
Инстаграм/Телеграм/Одноклассники
@kyzyktuuduino
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев