ЖОКЧУЛУКТУ БАКЫТ ДЕП Ош базар алдындагы үйүлгөн жигиттер бүгүн көрүнбөйт. Демейде кара таан болуп турушчу эле. Чет жакта турган жигит оюмду окугандай эле жаныма жетип келди. - Байке, телефон сатасызбы? - Ооба... - Кана, көрөйүнчү. А, абдан эски тура. Мындай телефондор азыр чыкпай калган. Капа болбоңуз, абдан арзан болуп калат. Ала албайм. Кайра сата албай калам да... - Арзан болгондо канча? - Сегиз жүз сом. - Жок дегенде миң сомго ал иним. Кандай дейсиң? - Жок байке, болушу сегиз жүз. Кааласаңыз башка бирөөлөргө да көрсөтүп көрүңүз. Каап, эми кандай кылсам экен? Сегиз жүз сом акча эмнеге жетмек эле... Башка арга жок. Үйдө балдарым күтүп жатат. Дагы бирөөлөр көрүп, алабы деген үм
ЖОКЧУЛУКТУ БАКЫТ ДЕП Биз үй- бүлөбүз менен кечээ Жаңы жыл тоскон жокпуз. Күндөгүдөй чарчап жумуштан кайтып келе жатсам кошунам машинесин от алдырып, дарбазанын сыртында турган экен. Өзү жашы менден кичүү, бир аз толмоч келген жигит. Сакал коюп алганын жакындан бери байкадым. Өзүм маанайым суз, ойго батып чарчап келе жаткам. Маңдайымдан чыгып колун сунганда оюмдан бөлүндүм. - Ассалому алейкум! Жакшысызбы? - Алейкум салам, шүгүр, жакшы иним. - Караңызчы, тиги кошуна акча чогултуп жүрүптүр. Айыл эли чогулуп балдарга балаты даярдап, белек- бечкек кылып кечинде ойноп жыргайлы дейт. Мен айттым, бул биздин майрам эмес, каапырлардыкы дедим. Мына күтө турсак Нооруз келет жакында. Туур
ЧААП БАРАТЫП ЧАЛКАМАН КЕТТИМ 16 -Мен мындай кыла албайм, Марал. - Тирүү калгың келсе кыласың, башка аргаң жок! Тапанчаны кайра Маралга карматтым. Аңгыча уулумду көтөрүп бир жаш жигит кирип келди. Маралдын өңү купкуу. "Өх"- деди ал эки көзүм бекем жумуп үшкүрүп. - - Алдаяр, тиги кана? - Билбейм, бир иштери менен кетти... Уулумду колунан жула калып боорума бастым. Кичинекей алаканы менен жүзүмдөн сылап коёт. Аябай ыйлаганы билинип турду. - Алибек, баары мен айткандай болот. Бул жерден кет. Кетчи бай болгур, түшүнчү. Сага бир нерсе болсо өмүр бою өзүмдү кечире албайм. Кетип калчы суранам. Маңдайымда турган бейтааныш жаш жигит дагы кетип калыңыз дегендей тиктеп турду.
ЧААП БАРАТЫП ЧАЛКАМАН КЕТТИМ 15 Мен үчүн дос баламдын жапа чеккени жанымды кейитти. Өзүм тандаган катадан өзүм гана жазаланышым керек эле. Аяшым кирип -чыгып мени жактырбай жатканы билинди. Кетем дегениме карабай досум үйүндө алып калды. Чынында бараар жерим деле жок эле. Мейманканага барам деп ойлонуп турган элем... Эртеси күнү мен Маралга жолугууга аракет кылдым. Ал чалган номурга жүз ирет чалдым, эч кандай жооп жок, телефону өчүк болуп туруп алды. Экөөбүз жашаган батирге жөнөдүм. Бетме- бет сүйлөшүүнү туура көрдүм. Эгер баланы мага калтырса буга чейинки кылгандарын унутуп, өз жолуң менен кет деп айткым келди. Эки күн мурун гана өзүмдү бактылуу сезип жашап жаткан үйүмө бара ж
ЧААП БАРАТЫП ЧАЛКАМАН КЕТТИМ -14- Колтугумдан тикелеп машинадан сүдүрөп чыгып бараткан Кадырдын жүзү элес- булас көрүндү. Арткы орундуктагы уулум бакырып ыйлап жатты. Кадырды жакадан өзүмө тартып:- досум уулумду алып чык мени коё бер,- деп шыбырадым. Оюмдун баары уулумда. Менин тулку боюм соо экенин сезип турдум. Эч жерим катуу ооруган жок. Болгону башым айланып, колумдан калтырак кетпей жатты. Уулум дагы соо экен. Кадыр бизди машинадан сууруп чыгып, үйүнө алып жөнөдү. - Кудай сактады, амансыңар. Эч жериңер эч нерсе болгон эмес. Балким ооруканага айдайттырмын? - Кадыр, кереги жок. Көрүп турасың го, уулумдун эч жери эч нерсе болгон эмес. Менден камсанаба, баары жакшы. - Ош
ЧААП БАРАТЫП ЧАЛКАМАН КЕТТИМ -13- Бет сөөгүмдүн ооруксунганы дагы деле бар. Алыс жолдо андан бетер жанчылып калдым. Башкарма дайындаган мейманканага келип, жуунуп алып дароо уйкуга кеттим. Канчалык үйгө бат кайтуу менден көз каранды. Эс алып, андан соң жакшылап жумушка киришейин дедим. Ишим оңунан чыгып келишимге кол коюлду, эми башкармага тике карап сүйлөсөм болот. Арадан эки апта өтүп калганда тынчым кете баштады. Жумуш деле бүттү, жөнөй берсемби деп ойлондум. Себеби төрт күндөн бери Маралдын телефону өчүрүлгөн. Оюма ар нерсе келип коркуп жаттым. Кошуна эжеге чалып үйгө барып карап коюусун өтүндүм. Бирок тилекке каршы үйдө жок экен. "Үйүң кулпуланып турат, дабыш чыккан жок
ЧААП БАРАТЫП ЧАЛКАМАН КЕТТИМ -12- Ушундай адамды кантим досум дейин? Тапкан экенмин кеңеш сурай турган кишини. Улам эстеген сайын ачуум келип жатты. Оңой гана Маралды күнөөлөп койгусу бар. Кантип ушундай нерсени сезбей калчу келесоо болоюн? Бир кезде "досум"- деп алдыңдагы ашыңды койгон адамдардын жүзү ушинтип кыйынчылыкта билинет. Мени шылдыңдадыбы ичинде, ким билсин. Ким экен? Кантип таап акчаңды кайрып алсак болот?- деп тынчсыздануунун ордуна, "аяш күнөөлүү болуп жүрбөсүн"- дейт. Мындан ары саламга гана келип койбосом, артык сырымды ачпаймын. Мага бул күндөр өмүрүмдө эң оор күндөр эле. Күнү- түнү ойдон арылбай, жумушка чыга албай үйдө жаттым. Кадыр кийин көп ирет чалды, атүг
ЧААП БАРАТЫП ЧАЛКАМАН КЕТТИМ -11- Бет сөөгүм зыркырайт. Кулагым чуңулдайт. Ичимдин түйүлгөнү тарап калыптыр. Башымда жаздык. Чекемде муздак чүпүрөк. Өзүм ошол коридордо жатыптырмын. Белимден ылдый жагы талып, жан жерим ысып лукулдайт. Эсим ооп калганда дагы тепкилеген чамасы. Ойтор тулку боюмду көтөрө албасмын. Эки көзүм шишип чыгыптыр. Дулдуйган шишиктен көзүмдү ача албай, араңдан ачтым. Оозумдун алдыңкы илеби жырылган, сөзгө келбей ооруп бүлкүлдөп турду. Марал үстүмдө үйрүлүп бетимди муздак суу менен тазалап жатыптыр. Шолоктоп ыйлайт. - Турдуңбу? Өзүңө келчи Али, жаным. Сени өлүп калдыбы деп коркуп олтурдум. Көтөрүп жайыңа жаткыза албадым. - Маралка, тез милиция чакыр, те
ЧААП БАРАТЫП ЧАЛКАМАН КЕТТИМ -10- -Мөлмөл... Абдан сонун ат экен ээ апа? - Ооба уулум, мага дагы аябай жакпадыбы укканда. Келиним менен сүйлөштүм. Байкушум, өз жанын дагы тобокелге салды. Аял төрөгөн сайын ден соолугун жоготот да. Кубанганымдан барайын, жардам берейин деп ийипмин мурдагыдай эле көрүп. Көрсө кудагый бар экен жардам бергенге. Ошондой уулум. Неберелеримди алыска алып кетип, көзүм чачырап олтурам. Апам ыйлап кирди... - Апа, ыйлабаңызчы. Чогуу барабыз бир күнү. Мен бир жаңсыл болуп үй алып алайын. Акча дагы даяр, жарайбы апа? - Болуптур уулум, неберемди өөп кой. Атын эле унута берем да... - Айтемир апа, Артык деп эркелетип коёбуз. - Ооба баса... Болуптур
Показать ещё