-12-
Ушундай адамды кантим досум дейин? Тапкан экенмин кеңеш сурай турган кишини. Улам эстеген сайын ачуум келип жатты. Оңой гана Маралды күнөөлөп койгусу бар. Кантип ушундай нерсени сезбей калчу келесоо болоюн? Бир кезде "досум"- деп алдыңдагы ашыңды койгон адамдардын жүзү ушинтип кыйынчылыкта билинет. Мени шылдыңдадыбы ичинде, ким билсин. Ким экен? Кантип таап акчаңды кайрып алсак болот?- деп тынчсыздануунун ордуна, "аяш күнөөлүү болуп жүрбөсүн"- дейт. Мындан ары саламга гана келип койбосом, артык сырымды ачпаймын.
Мага бул күндөр өмүрүмдө эң оор күндөр эле. Күнү- түнү ойдон арылбай, жумушка чыга албай үйдө жаттым. Кадыр кийин көп ирет чалды, атүгүл үйгө дагы келди. Маралга "үйдө жок" дегизип койдум. Жанчылып канча күн жаттым билбейм, айтор көзүмдүн көгү тарады. Эң эле жаманы каракчыларга каршы эч нерсе кылбастан олтурганым. Корктум. Балдарымдан корктум. Эркектик кылып үйдөн чыгып кеткен өзүммүн. Эми балдарыма менин кедергим тийип калуусун каалабайм.
Менин ачууланып, таарынып калганымды сезген Кадыр деле эч кандай чара көрө алган жок. Кээде үйдө жатып, балким жардам берип калар деп үмүт кылып жүргөн элем. Кайдан, анын үйгө чейин келип жатканынан үмүт кылып алган экенмин көрсө.
Убакыт зымырайт. Кайрадан жумушума чыгып, баягыдай турмуш улана берди. Уулум Артык чоңоюп баратты. Анын күлкүлөрүн көрүп, али таанып көрө элек кызымды эстейм. Кандай болду экен ? Кимге окшош экен?- деп ичимден уйгу- туйгу болом. Аргам канча, тирүү жүрсөм көрөттүрмүн деп өзүмдү басам.
* * * *
- Кандайсың Алибек? Кел сүйлөшөлү. Абдан көк бет экенсиң, мунуңду билчү эмесмин. Бала кезден сени таанып жүрсөм дагы, көк беттигиңди жакында билдим.
- Кадыр жаныма келип какшыктай сүйлөдү. Чаңкап кетип офистин ичиндеги филтрленген суудан ичип жаттым эле. Артымдагы Кадырга көзүмдүн кыйыгы менен карадым да: сен мага кандай адам экенимди айтпай эле кой. Сага ошондой көрүнгөнүм менен башкаларга жакшы адаммын. Ар ким өзүнүн көз карашында гана көрө алат адамды. Алгач айланаңды жыйыштырып, өзүңдөн кабар алып андан соң башканы сында,- дедим чечкиндүү. Мага эми баары бир эле. Атайын анын ачуусу келсе экен деп ушинтип айттым. Бирок ал бир аз жылмайып коюп басып кетти. Мунусу ого бетер ачуумду келтирди. Себеби андан башка нерсени күтүп турган элем.
Кадыр ыңгайы келген учүрда мага сүйлөп, атүгүл кечирим дагы сурап жүрдү. Өзүмдүн таарынган кыялымды аялдардын кылыгындай сезип кеткен күндөрүм далай болду. Бирок Кадырга катуу капа болгонум чындык эле, ага мурдагыдай ишеним сыр айтпасым чындык.
Бара- бара иш үстүндө гана сүйлөшпөсөк, Кадыр экөөбүз аябай алыстап кеттик. Буга чейинки Маралды каралагысы келген күнөөсү үчүн кечире албай жүрсөм, андан ашып, дагы бир ирет мени катуу капа кылды.
Күндөгүдөй жумушума келип өз кабинетиме кирип жаңыдан олтурганда мени башкарма чакырды. Кызыгы Кадыр чакырып кетти.
-Саламатсызбы?
- Саламатчылык, кел олтур.
- Алибек Аттокурович, сизге жакшы жаңылыгым бар. Көзү курч ишкер катары, жана Кадыр Арынкуловичтин дагы сунушу менен сизди бир айга чукул болгон үч апталык командировкага жибермекмин. Дагы да такшалып, карегиңиз курчуйт деп ишенем.
- Сапар Апсаматович, а эмнеге мен? Кечиресиз, эмнеге башка бирөө эмес деймин да...
Мисалы Кадыр барсын, менин үй бүлөлүк абалым дагы солгундап турган чагы. Анын үстүнө уулум жаш. Келинчегим бала менен таптакыр жалгыз калат, кандай дейсиз?
- Мени угуңузчу Алибек. Каршы чыгып жатасызбы?
. - Абалымды азыр түшүндүрүп кеттим, ордума башканы жөнөтүңүз, өтүнөм...
- Эч кимди жөнөтө албаймын. Сиз барасыз. Сизге көбүрөөк ишенем десем болот. Сөз бүттү, эртең жолго чыгасыз...
Мен азыр жумуш менен алыска сапар алганга даяр эмес элем, араң кыбырап ушул жерге келип жатам. Оюм бир жерде эмес. Тоноо окуясынан жаратым али сакая элек. Башкарманын кабинетинен чыгып эле Кадырга атырыла сүйлөдүм.
- Сени көрсөттү дейби!? Мени коюп өзүң бара бербейсиңби!? Сенин эмне билгениң бар өзү!? Же эмне, атайын кылып жатасыңбы!? Өзүң билесиң болгон окуяны. Түкүрсө аздык кылат бетиңе. Ушунча жылдан бери сокур болгон экенмин. Досум деп атаганда жаңылышыптырмын...
- Алибек, айлыгың көтөрүлөт. Даражаң дагы...эмне болду? Сага жамандык кааладымбы? Туура эмес иш кылдымбы? Сени алаксып келсин дедим атайын. Башкарманын берген сөзү эсиңдеби? Эртеңки сага тапшырып жаткан жумушту ким бүтүрсө, айлык акысы, орду жогорулайт деген, эсиңдеби?
- Эсимде болсо эмне болуптур? Өзүң жогорулай бербейт белең!? Жакшылык каалаган имиш.
Өзүмдү чектен чыгып баратканымды билсем да, болгон окуядан кийинки ачуумду Кадырдан чыгарып жаттым. Бул командировкага бутум дагы тартпай жатты. Кайра кайтып келгенде баары өзгөрүп, мен үчүн жашоом ойрон болчудай туюлуп турду. Эмнеге мындай сезим келет, эмнеге?- дедим ичимден.
- Токто Али, досум андай дебе!
- Кой, сүйлөбө Кадыр. Мындан дагы ачууланып кетем, сүйлөбө!
Жумуш ордумду жоготуу азыр өтө эле тобокелдик. Аргам жок, барса барайын деп үйгө келип камындым. Марал көзүн жалдыратып ыйлады.
- Арга жок, барбасам болбойт Маралка. Сиңдиңби же иниңби келип турсун жаныңа, коркосуңар. Үч апта жок болом да.
.- Макул, айтып көрөйүн...
Уулумду жыттап алдым да, эртеси жолго чыктым. Жолдо бара жатып да Кадырга ачуум келип жатты.
Уландысы бар
Эльвира Мейманова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12