-14-
Колтугумдан тикелеп машинадан сүдүрөп чыгып бараткан Кадырдын жүзү элес- булас көрүндү. Арткы орундуктагы уулум бакырып ыйлап жатты. Кадырды жакадан өзүмө тартып:- досум уулумду алып чык мени коё бер,- деп шыбырадым. Оюмдун баары уулумда. Менин тулку боюм соо экенин сезип турдум. Эч жерим катуу ооруган жок. Болгону башым айланып, колумдан калтырак кетпей жатты. Уулум дагы соо экен. Кадыр бизди машинадан сууруп чыгып, үйүнө алып жөнөдү.
- Кудай сактады, амансыңар. Эч жериңер эч нерсе болгон эмес. Балким ооруканага айдайттырмын?
- Кадыр, кереги жок. Көрүп турасың го, уулумдун эч жери эч нерсе болгон эмес. Менден камсанаба, баары жакшы.
- Ошентсе дагы барыш керек болчу, балким баш мээ чайкалып, дагы бир коркунучтуу нерсе болуп жүрбөсүн?
- Камсанаба. Жети түндө баланы ооруканада темселетким келбейт. Алар териштирип киришет баш бакканда эле. Жай, эртең бир барып көрүнүп коёбуз ээ уулум. Анан сен чоң энеңе кетесиң.
- Демек, Артыкты бербейсиң?
- Эч качан. Шуркуя десе, койнума гана кирип алдап жүргөн экен да. Көрсөтөм мен ага!
Баса, сен машинада уулум экөөбүз экенибизди кайдан билдиң? Же эмне, карап олтурдуң беле?
- Ооба, жакшы эле күтүм олтурдум. Сен кечигип кеткен соң жөнөй бергенмин. Башкарма коңгуроо кылып калды, сени жаңы эле келип кетти деп айтты. Кайра шашып үйүңдүн алдына барсам үч киши чылым тартып турушкан экен. Сурасам сени жаңы эле уулун машинага салып кетти деп айтышты.
- Мындай болору жети уктасам түшүмө кирбеген. Эми баары ойрон болду. Маралдын бул кылганы менин намысымды тебеледи. Апамдын сөзү кулагыма жаңырып турду досум. "Аялды уруп адам кыла албайсың эгер ал акылсыз болсо, жакшылык дагы таппайсың. Эң жакшысы өз жолуң менен кет"- деп айтчу. Өмүрү аял кишиге кол көтөрүп көрбөгөн жанмын. Ачуум мурун учуна чыгып турса да эч нерсе кыла албадым.
- Али, сен алсызмын деп ойлобо, сен адамсың. Адамдыктан тайган немеге кадырыңды кетирбе. Эчаак эле байкап жүргөн элем аяшты. Бирок ачыгын билчү эмесмин. А балким сага айтып коюп, менин оюм арам болуп калсачы деп ойлочумун. Достугубузду бузбоонун айласын ойлоп жүрдүм. А сенин көздөрүң турмандап Маралды катуу сүйүп жүргөн чагың эле...
Баягы акча урдоону дагы Марал уюштургандай туюла берет. Балким жок. Ким билиптир.
- Башым катты досум. Эртерээк уулумду айылга жеткирүүм керек. Анан Марал менен сүйлөшчү убакыт келет.
Эртеси айылга уулумду алып жөнөдүм. Кадырга буга чейин өктөм сүйлөп, ызырынып алганым үчүн өзүмдү ыңгайсыз сезип жаттым. Ал бизди узатып тим болбой, машинаны тикелеп, жол кырсыгынын маселесин чечүү менен убара болуп калган эле.
Жолмо жол кулактарым чуңулдап, жүрөгүм жанчылып араңдан зорго бараттым. Оозума күкүм ала элегиме бүгүн экинчи күн. Таптакыр курсагымдын ачканын сезген жокмун. Терезеден сыртты тиктеп ойго чөөмп кете бериптирмин.
- Кечиресиз, сиздин телефонуңузга коңгуроо келип жатабы?- деп шоопур мага кайрылганда оюмдү бөлүп селт эттим.
- А, ырас эле, меники экен. Шашылып ала койсом Марал, буркурап ыйлап алган.
- Алибек, Алибек баланы кайда алып кеттиң? Мени кечирчи. Мен акмакты кечире албайсың билем. Баланы бер Алибек, суранам сенден...
Шоопурдан гана уялганым ай.
- Кечирчи дейсиңби? Сен кимсиң!? Мени оюнчук кылып, ушунча жылдан бери алдаган сен кимсиң өзү!? Менден оңой эле кутулам деп ойлобо! Сени жетчү жериңе жеткирип, абийириңди төгөм. Жийиркеничтүү, абийирсиз неме экениңди баары билишсин. Мага кайсы бетиң менен коңгуроо кылып турасың? Баланы унут, түшүңө да кирбесин.
- Алибек андай дебе, макул каалагандай чара көр, бирок уулумдан ажыратпа. Соттошуп калабыз. Бала энеде гана болот.
- Сен мени соттошобуз деп коркутуп жатасыңбы? Бер сотко, колуңдан келгенин жасачы көрөйүн. Сот дагы сендей немеге баланы берүү чечимин чыгарбайт. Ошол жерден айрандай абийириң төгүлгөндө көрөсүң. Менин күбөлөрүм көп. Тиги акмак экөөңдү сүрөткө да тартып алдым. Эмне, силерге эми таң аттыбы? Эки күн өткөнүн билип жатасыңбы?
- Алибек, суранам сенден. Сүйлөшөлү. Мен сага баарын түшүндүрүп берем, суранам сенден!
- Башымды оорутпачы. Чалып убара болбо,- деп телефонду таптакыр өчүруп салдым. Маңдайкы күзгүдөн улам көз кыйыгын салган шоопурдан биресе уялсам, биресе уятымдан көп сөздү айта албай калганыма ачуум келип бара жаттым.
* * * *
Канткени менен өз энем да. Кайгырсам кошо кайгырып, ийгилигиме кошо кубанган. Апам Артыкты алып калды. Менден майдалап эч нерсе сураган жок. Аз убакытта көйгөйлөрүмдү чечип алып, кайра келем деп убада берип кеттим.
Шаарга келер замат телефонумду күйгүздүм. Чалуулар, каттар келди.
Алибек, ачыгын айтчу күн келди окшойт. Бала сеники эмес, атасы сен эмессиң. Ушунча убакыт жашырганым үчүн кечир. Мен жакында алыска кеткени жатам. Баланы жакшылыкча бер, болбосо атасы баары бир сени таап өлтүрөт...
Ооба, бул жомокко ишендим. Артыктын сол көкүрөгүндө чоң калы бар эле кудум эле меникиндей. Анын бет түзүлүшүн дагы өз атама окшоштурам. Эптеп баланы алуу шылтоосу го деп камыраган жокмун. Аңгыча коңгуроо келди.
- Алло?? Кадыр сенби? Ооба, мен азыр келдим шаарга. Жарайт, азыр барам.
Кадыр үйүнө тез келүүмдү айтты. Шашылып жетип бардым. Мага эшик ачкан келинчегинин кабагы суз. Мени жактырбагандай терс бурулуп басып кетти. Мурдагыдай жаркылдап учурашкан жок. Катуу ыңгайсыз абалда калдым. Кадыр уктоочу бөлмөдө,- деп гана койду.
Кирип барып башы таңылган, көзү көгөрүп шишиген Кадырды көрүп нес болдум.
- Досум, бул эмне? Ким? Бул ишти ким кылды?
- Аяштын түрмөдөн келген күйөөсү.
- Аяш дебечи өтүнөм! Түрмөдөн? Күйөөсү?
- Ооба. Ал сени таап өлтүрөм деп убада кылды...
- Дагы көрө жатаарбыз, ким кимди өлтүрөт. Акмак десе, сенден эмне талап кылды.
- Сага айтпадым беле, баягы акчаны тоногон ушулар деп. Сенин айылдагы дарегиңди, баланы кайда алып кеткениңди сурады.
- Сен айткан жоксуң да досум.
- Албетте, айтпаганым үчүн тепки жеп олтурам да.
- Кечир мени Кадыр. Сени дагы көйгөйгө малып койгонум үчүн.
- Коё бер. Эркекчиликте болуп турат. Анын деле көзү көгөрбөй койгон жок. Лөкүйгөн бизден улуу киши экен. Каймана ат менен Дөө деп коюшат экен. Бул ишти тез бүтүрбөсөк болбойт. Аяш энеме дагы зыяны тийиши мүмкүн. Ал уулуңду издеп жатат. Менин балам деп айтты.
- Ооба, Марал дагы бала сеники эмес деп жазыптыр. Мен буга ишенбейм. Меники эмес болсо дагы бербейм досум.
Ошол күнү Кадыр менен үйүндө калдым. Экөөбүз кандай чара көрөөрүбүз тууралуу сүйлөшүп олтуруп кеч кирди.
Уландысы бар
Эльвира Мейманова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 32