16
-Мен мындай кыла албайм, Марал.
- Тирүү калгың келсе кыласың, башка аргаң жок!
Тапанчаны кайра Маралга карматтым. Аңгыча уулумду көтөрүп бир жаш жигит кирип келди. Маралдын өңү купкуу. "Өх"- деди ал эки көзүм бекем жумуп үшкүрүп. -
- Алдаяр, тиги кана?
- Билбейм, бир иштери менен кетти...
Уулумду колунан жула калып боорума бастым. Кичинекей алаканы менен жүзүмдөн сылап коёт. Аябай ыйлаганы билинип турду.
- Алибек, баары мен айткандай болот. Бул жерден кет. Кетчи бай болгур, түшүнчү. Сага бир нерсе болсо өмүр бою өзүмдү кечире албайм. Кетип калчы суранам.
Маңдайымда турган бейтааныш жаш жигит дагы кетип калыңыз дегендей тиктеп турду. Арга жок, жалгыз колумдан эч нерсе келбесин билдим. Уулумду жүзүнөн кайра- кайра өөп:
- Марал, ишенип кой. Менин дагы бир нерсеге жөндөмүм бар. Мага уулумдан башка эч нерсенин кереги жок. Алдай турган болсоң ошондо көрөсүң.
- Жок алдабайм. Ишен. Кетип кал Алибек...
Уулумду Маралга берип , шашылыш чыгып бара жатканда эшик ачылып узун бойлуу киши кирип келди. Ал мени көргөнү менен камырабай артына бурулуп каалганы жаап жатканда билегиндеги тартылган түшүнүксүз сүрөттөрдү көзүм чалды.
- Кел,- дедим камырабаган түр көрсөтүп. Ал мага сүйлөбөстөн бут кийимин чечип, андан соң жүзүмө жакын келип:
- Сага эмне керек?- деди .
- Мен үйүмдө турам, силерге эмне керек?- дедим ачуулана.
- Уулуңду алып качканда эмне мени менен суйлөшкөн жоксуң?
- Силердин уйкуңарды бузбайын дегем. Бул жерге уулум үчүн келдим, сенден катын талашып турган жерим жок,- деп оозумду жыя электе тумшукка бир урду. Көзүмдөн от чачырап, өзүмдү абдан алсыз сезип кеттим. Ордумдан тура калып мен дагы урдум. Кулабаса дагы сенделе түштү. Жакалап, мени Марал турган бөлмөгө сүйрөп кирди.
- Мына! Сүйгөнүң! - деди Маралга.
- Бул биринчи ирет эмес, үчүнчү ирет. Үчүнчү ирет менин көзүмө чөп салып олтурат. Бу сапар, төрөп алыптырсың могул келесоодон. Эмне, менден да ушул артыкпы? Сенсиз жашоо жок деген сөздөрүң Кайда Марал? Кана менин сатып берген үйүм? Могул итирейген менен качайын деген экенсиң да ээ? Сенин мынчалык бул кемпайды сүйүп калат деп ойлобоптумун. Экөөбүздүн торубузга түшкөн чимкириктердин ичинен ушунусу жакты дечи?! Ээ, жакты дечи? Маралды колунан сүйрөп келип менин жаныма түртүп жиберди. Уулум ыйлап кирди. Жаш жигит көтөрүп башка бөлмөгө кирип кетти.
- Баланын көзүнчө бул эмне кылганың?! Менде эмне айып? Мен уулум үчүн келдим, дагы бир жолу айтайын.
- Эмне акылдуусынасың? Үй- бүлөңдү таштап, могул шермендеге ишендиңби? Бул сенин акчаң үчүн сүйлөшүп жүрдү, билесиңби ошону?
- Зарылык, жетишет болду!
- Жалганбы? Эң башында таанышканыңда мага дароо чалбадың беле? Эсиңден чыктыбы? Акыркы бир жылда катуу өзгөрдуң, чалбай калдың. Дарегиңди алмаштырасың. Көрсө төрөп алган экенсиң да могул итирейгенден. Сен экөөбүз эмне деп келиштик эле?
- Болду дейм Зарылык. Болду!!!
Марал эки кулагын жаап буркурап ыйлай берди. Ошол учурда "бул жерде мен эмне кылып жатам, кайда келип калдым?"- деп чын жүрөктөн кейип турдум. Уулдарым, Чынарам көз алдыма тартылды. Канымдан жаралган Артыгымда эмне күнөө, уулумду гана аяп, жүрөгүм чыдабай араң турдум.
Чөйрөсү жийиркеничтүү, ыпылас дүйнөгө баш баккан экенмин. Мени жаратканым катуу жазалап жатат. Мага өзү чала болот,- дедим ичимден. Өз оюм менен алаксый түшүптүрмүн, алдыма чачылган сүрөттөрдөн селт эттим. Дароо алып ар бирин карай баштадым. Бектен уулумду мектептен кайтып келе жатканда тарткан экен. Аябай чоңоюп калыптыр. Кийинки сүрөт, Чынарам сейил бакта кызымды көтөрүп, уулдарымды ээрчитип келе жатыптыр. Ушул сыяктуу алыстан тартылган сүрөттөрдөн он чакты. Менин эмне деп айтаарымды билгендей Зарылык эңкейип жүзүмө тиктеп сүйлөдү.
- Көрдүңбү? Сенин тагдырың менин колумда. Милицияга барам, түбүңө жетем, ал эле, бул эле деген эрдигиңди кой. Заматта баарынан айрыласың! Көрбөй каласың. А баса, эгер тирүү калсаң...
- Зарылык суранам, андай дебе! Айтканыңды кылайын, дегениң менен болоюн. Тийбе, Алибекке тийбе! - деп Марал бутуна жыгылып ыйлап кирди. Ушунчалык эле коркунучтуу немеби бул?- дедим ичимден ачууланып. Оюмду жыя электе сырттан дагы үч киши кирип келди. Бири башыма кара чүпүрүөктөн кап кийгизди да, экөө колтугумдан сүдүрөп жөнөштү. Өлсөм анысына да кайылмын. Ушундай жараттан кийин жашоомду деле элестете албай бараттым. Мага баары бир болду.
Машинага салып, белгисиз жерге алып барды да алсырап оозумдан кан бүркүп калганымча сабашты. Ар бир тепкини жазам катары кабыл алып жаттым. Качууга, мушташууга да аракет кылган жокмун . Акыры мени өлдү дештиби, же атайылап кылыштыбы таштап жөнөп кетишти. Тулку боюм сыздап, кабыргам сайышып турганын бир билем. Кийин көзүмдү ачсам коюу караңгы экен. Ал жерде канча саат эсимди жоготуп жаттым ким билсин. Айтор көп өтпөй таң сүрүп чыкты. Эч жерим кыймылга келбейт. Бир заматта жан жагымдан телефонума коңгуроо келип жатканын уктум. Араң сыйпалап таап алдым. Алсам Кадыр экен.
- Алло, сен кайдасың? Эмнеге телефонуңду албай жатасың?
- Кадыр, кай жерде экенимди билбейм. Сабап кетишти. Тура албайм керек болсо, темир жол көрүнүп жатат, - деп сүйлөгөнгө араң жарадым. Башым жарылчудай болуп турду. Чыйрыгып жаттым. Жан чыдаткыс көкүрөгүмдөгү оору дем жуттурбайт.
Ошентип кийинки ирет эсиме келгенде ооруканада экенмин. Кадыр жанымда олтуруптур.
- Темир баатыр турдуңбу!- деди ал тамашалай. Эх досум, канткен менен кудайдын сүйгөн пендеси экенсиң. Кабыргаң сынып өпкөгө аз -маз сайылган. Дагы тирүү калдың. "Чудо"- деп коёт муну.
Ээгим жарылып, тамагым кургап турду. Түтүкчө менен суу ичирип жатты Кадыр. Ага берчү суроолорум көп эле, оозумду таптап барып, кайра сурагандан баш тарттым.
- Уулум, досум, уулумду кантип алам? Балээге кабылган экенмин...
- Үч саттык операциядан араң чыктың. Дары таркаганча Артык, Артык деп сүйлөдүң досум. Кейибе, аман болсо өзү сени издеп келет. Башка бул адамдарга жолобойм деп сөз бер. Ошол акча башы- көзүңдөн садага. Ошол Марал ыпылас дүйнөсү менен кошо жоголсун. Сенин абалыңды көргөндө эле дароо милиция келди. Өзүңдөн суроону, жана арыз жазабы деп билгени келишиптир. Тилекке каршы көпкө күтүшкөн жок. Сенин абалың жакшырганда келебиз дешти. Эми аларга кандай жооп бересиң ошону ойлон- деди Кадыр. Анын айтканы дурус. Алардын артынан түшүп түбүнө жете албасмын. Балдарымдан корктум.
Алибек терең үшкүрүп алды да, "мына ушундай ага, мен кеткенде ойго батып жүргөндүрсүз, андан кийин эмне болду экен деп кызыккандырсыз?- деди бут кийим тикчү орто жаштан ооп калган кишиге карап. Алибектин башынан өткөнү бул киши үчүн таң калычтуу окуя болду. Ал ошол окуядан бир жарым жыл өткөн соң Чынарадан кат алган. Катта "жакында Бишкекке барабыз. Кызың менен тааныш, ата деп тили чыкты. Андан соң биз Москвага кеткени жатабыз. Бектен спорттон жакшы ийгиликтерге жетишти. Аны эки ай Москвада алып жүрүүгө туура келип жатат. Өз милдетимди аткарып коёюн деп чечтим. Биз барганда чалабыз. Азыр белгисиз. Баягы балдарың сүйүп жеген балмуздак саткан жерден кезигели"- деп жазган. Ошол күндөн тартып күн сайын Алибек ошол балмуздак саткан жерге келип олтурат, күткөндөн тажабайт. Муну байкаган бут кийим тигип эмгектенген киши аны менен таанышып, дайыма экөө сүйлөшүп олтура турган.
Мына ушундай ага. Ушул окуядан кийин мени жакшы адамдарга кошпой калдыңызбы? Албетте, уккандын баары мени жек көрүү менен тиктесе керек деп ойлойм,- деди Алибек башынан өткөн окуясын айтып бүткөн соң.
Өтүкчү кишиден сөз чыккан жок. Ал көпкө кардардын таштап кеткен бут кийимин тигип олтурду да, саамдан соң мындай деди.
- Сени жаман адам дегенден алысмын. А бирок, сыноого кабылганың, сенин алсыздыгыңдан. Ушинтип көзүң ачылат. Албетте, ката кетирбеген адам жок. Бирок катасын моюндабаган адам көп. Ошондуктан өз катаңды моюнуңа алдың, демек жаман адам эмессиң. Тагдыр сага аргымак ат мингизген экен. Кай бирлерге салыштырмалуу. Өзүңдөн көр.
- Туура, туура ага. Аргымак ат мингизген. Бирок, чаап баратып, чалкаман кеттим. Ат көтөргүс күнөөмдү моюндайм.
- Баса, бүгүн дагы кызыңды күтүп олтурдуң да ыраспы?
- Ырас ага. Ар күнү келгенимде Чынара мага чалбаса деле, алар али келе элек болсо деле күтүп олтургум келчү. А бүгүн таң эрте чалган. Эчаак жетип келмек. Бирок келген жок. Бүгүн дагы кызым менен тааныша албай кетет экенмин.
- Кейибе, аман- эсен келип алса эртең кезигесиңер. Күн кечтеп баратат. Мен дагы жыйналайын, күндөгүдөй чогуу кетели.
- Макул, жыйналыңыз.
-А, баса. Ооруканадан милицияларга эмне дедиң?
- А, тоноп кетти дедим. Тааныбай калдым, көрбөй калдым дедим. Издемиш этишкендир. Кийин уулумду сагынып гана күн кечирип жүрдүм. Биринчи турмушума кайтып бара албадым. Кайсы бетим менен? Жумушумдан дагы кол жууганмын. Азыр жаратымды сакайта албай келем. Досум мени талаага таштаган жок. Кам көрүп жүрөт ушул убакка чейин. Айылга апама барып турам. Апам дагы ооруп калды. Ата- энемдин түбүнө мен жетмей болдум ага. Төрт дубалды тиктеп жатмай адатка айланды. Же бир жумушка орношоюн десем көңүлүм келбейт. Ушинтип убкыт өтүп жатат.
Өтүкчү киши экөө жол четинде жай басып келе жатышты. Алибек жолдун аркы бетинде жеткинчек кызды жетелеп турган Чынарага карап туруп калды.
- Ага, тигине менин кызым. Алар келишти. Алибек көзүндөгү жашын жашырган жок. Акыры көрөөр күнүм бар экен да.
- Барагой, бар. Эми колуңдан чыгарба...
Чыгарманын соңу
Эльвира Мейманова
Ар бириңиздердин оюңуздарды күтөм. Бар болуңуздар...группага катталыңыздар. Дагы көптөгөн чыгармалар чыгат буюрса.
Урматым менен Эльвира
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 89
Эркектерге да аялдарга да чоон таасирин тийгизет деп ойлоймун
Алибетте баарына турпак чачпаймын талантын тоодон да бийик болсун
Ин Ша Аллах