15
Мен үчүн дос баламдын жапа чеккени жанымды кейитти. Өзүм тандаган катадан өзүм гана жазаланышым керек эле. Аяшым кирип -чыгып мени жактырбай жатканы билинди. Кетем дегениме карабай досум үйүндө алып калды. Чынында бараар жерим деле жок эле. Мейманканага барам деп ойлонуп турган элем...
Эртеси күнү мен Маралга жолугууга аракет кылдым. Ал чалган номурга жүз ирет чалдым, эч кандай жооп жок, телефону өчүк болуп туруп алды. Экөөбүз жашаган батирге жөнөдүм. Бетме- бет сүйлөшүүнү туура көрдүм. Эгер баланы мага калтырса буга чейинки кылгандарын унутуп, өз жолуң менен кет деп айткым келди.
Эки күн мурун гана өзүмдү бактылуу сезип жашап жаткан үйүмө бара жатып бир башкача сезим пайда болду. Баары мага жат, бардыгы мага тааныш эместей туюлуп турду. Заматта көңүл калат дегени ушул болсо керек. Өзүмө керектүү кийим, документтеримди дагы алышым керек эле. Эми гана үйгө кирип бара жатсам апам коңгуроо кылды.
- Алло, уулум. Артыкты берип жибер деген экенсиң, алып кетишти. Сага чалсам деги телефонуң жанбай койду, алло Алибек угуп жатасыңбы? Ырас эле алдырдың да, таштап кеткен күндөн тартып бир тынбай ыйлады балам байкуш. Алло, угуп жатасыңбы деги.
Мен нес болуп туруп калдым.
- Эмне деп жатасыз апа? Мен эч кимди жөнөткөн эмесмин! Кимдер алып кетти? Эмнеге бересиз апа?
- Кандайча, бул эмне дегениң уулум? Келин чалды го, сени бошобой жатат деди, анан ишенип берип жибердим да уулум. Бир аз таарынышып турасыңар, билип жатам. Баланы ары бери жулмплабай эле Алып кеткен адамдар ким өзү? Эмне болуп жатат уулум?
- Макул апа, мен сизге бошогондо өзүм чалам.
Түнү телефонум өчүп калган эле, таң сүргөндө чала була токко сайып чыкпадым беле. Кашайгырдыкы десе.
Уятсыз, акмак! Демек баланы алып келе жаткан экен да. Апама эмнеге баарын айтып түшүндүрүп келбедим экен. Шашылыш үйгө жетип барып каалганы каккыладым. Дароо Марал ачты. Мени көрүп кареги чыга жаздагандай боло түштү. Кайра эшикти жаап баратканда бутумду коё салып үлгүрдүм.
- Кечиресиз, кайда шашып.? - дедим да кирип баратып арт тарабымды бир текшерип алып, үйгө кирип каалганы кулпуладым. Ачуум мурун учунда эле, желке чачынан бекем кармадым.
- Алибек, сураныч. Өмүр бою жууса кетпес күнөөлүүмүн. Сени мен атайылаган жерим жок, ушундай болуп калды...
- Үйдө ким бар?
- Эч ким жок. Бирок азыр келет.
- Ким?!
- Он жылдан бери мени азапка салган киши. Мен анын капканына эчаак түшкөнмүн. Миң ирет качып, миң ирет баш тартып көрдүм, болгон жок. Мени бул караңгылыктан кайсы мырза сууруп чыгаар экен деп күтүп жашадым, сага жолуктум Алибек. Бирок сен дагы мени түшүнбөй алдап кетти деген ойдо турасың. Колумдан эч нерсе келбейт. Мени кайдан болсо таап алат. Ушуну менен үчүнчү турмушумду ойрон кылды.
- Эмне?! Эмне деп айткың бар? Мен сенин үчүнчүңмүнбү? Демек сенде күнөө жок? Күнөө тиги кишиде? Мага сенин былжыраган кебиңдин кереги жок Марал. Сен кудай алдындагы сурактан коркпогон, каргышка белчеңден малынган бир неме экенсиң. Көрөөргө көзүм, сөздөрүңдү угаарга кулагым жок. Сени деп үй бүлөмдөн баш тарткам. Очогумду ойрон кылгам. Адамдык касиеттен тайган неме экениңди мурдараак билсем эмне! Сендей ыпылас немеге бул сөздөрдүн өтүмү жок. Мен сага уулум үчүн келип олтурам. Айылда апамды алдап алып келе жатышыптыр, сенин адам сөрөйлөрүң. Мени ук! Баламды мага калтырсаң, сенин буга чейинки кылыгыңды бир заматта унутууга даярмын. Каалаган кишиң менен жашап, каалаган жагыңа кет. Сенин башың бош, үч талагымды бердим. Баса, менсиз эле бошонуп алгансың да. Эркин куш турбайсыңбы!
Колумду көтөрүп барып кайра тарттым. Марал жалтанып, полго бүрүшүп жата калды. Анын алсыз аял заты экенин эстегенде муштумумду кайра жыйдым. Урганда пайда таппасмын. Тамагым ыйга буулуп араң турдум. Бир кезде баарын кечип сүйгөн Маралкам, азыр мага ааламдагы эң чоң душманыма айланды.
- Алибек кечир! Мени кечир. Мындай болушун каалаган эмесмин. Азыр дагы сени сүйүп турам, сенин көздөрүңдү тиктегенге акым жок. Сени аябай сүйөм Алибек. Менин бул кылыгым жүрөгүмдүн каалоосу эмес. Аргам жок, кайдан болбосун мени таап алат. Ушул кишиден качып канча өмүрүм соолуду. Азыр сен мага баары бир ишенбейсиң. Түшүнбөйсүң дагы.
Зарылык менен он сегизимде баш коштум. Кадимкидей той бердик. Бир бүтүн бактылуу үй бүлө элек. Ошондо эле көрсө менин шордуу жан экеним эчаак маңдайыма жазылган экен. Иш кана талашып бир тууган агасын атып койду. Жети жылга соттолгон. Жашмын, эч жакка кетпей үйүндө күтүп жашадым. Көп өтпөй чыгып келди. Ал окуяны капыстык деп көңүлүмө албай жашоону уланта бердим. Кийинки жолу эки бир тууган инисин мууздап койду. Ошондо үрөйүм учуп, бир мүнөт калбай анын үйүнөн кетип калдым. Дагы темир тор артында жатты. Бирок, менин жанымда жүргөндөй мага кам көрүп жүрдү. Бир жакка бассам билип алат, мага акча салат. Кат жазат. Деги койчу кутула албадым. Азыр бул үчүнчү ирет соттолушу. Бу сапар өспүрүм кызды зордуктоо менен шектелип кесилди. Жөн эле зордуктабай, аны дагы өлтүргөн. Таянаар атам каза болду. Апам оорулуу болуп калды. Жалгыз сиңдим, жалгыз иним менин аска зоом болуп турушат. " Менден баш тартчу болсоң сиңдиңди жиликтеп, иниңдин түбүнө жетем"- деп коркутат. Темир тор буга экинчи үй. "Ошол жакта жашоо тынч. Сен үчүн гана келем да"- деп айтат. Сага жолукканымда сенин үй бүлөңдү бузайын деген эмесмин. Кийин, сени катуу сүйүп калдым Али. Жөн гана жакшы адам менен сүйлөшүп, убакыт өткөрүп, артымда калган ыпылас жашоомду унутайын деп аракет кылган элем. Себеби буга чейин эки ирет турмушка чыгып, ал кишиден кутулууга аракет жасадым. Тилекке каршы болбоду. Мен эркек кишилердин каргышына далай ирет калдым. Жашырганда эмне. Зарылыктан кутулуу жолун көп ойлодум, бирок болгон жок. Алибек, сен бул жерден кетчи суранам. Сага бирдеме болуусун каалабайм. Эгер сени коргой албасам мен анда өзүмдү- өзүм өмүр бою кечирбейм. Сен милицияга берем деп убара болбо. Милиция Зарылыктын оң колу. Ар бири тааныйт. Болгону сен мындай чөйрөдөн алыстыгың үчүн гана тааныбай турасың. Этият бол, артыңда балдарың бар.
-Мени менен кошо отту бастың дечи?
- Ошентип айтсам да болот...
- Кайсы күнөөм үчүн?! Сага кылган жылуу мамилемби? Же сүйүүм үчүнбү?
...Кечирчи. Эки жыл дайынсыз болгонунан кудайым жалгап кутулган экенмин,- деп жүргөн элем.
- Акчаларды дагы ушулар алганбы? Айт ачыгын! Мени алдаймын деп ойлобо!
. - Ооба, ушулар. Мени мажбур кылышты. Ишен, сага кымындай дагы зыян алып келейин деген эмесмин.
- Мажбур кылышты?! Демек, сен айткан экенсиң да акча тууралуу?
- Ал сен жөнүндө эчак эле билген.
- Сага жолуккан күнүмө наалат! Миң наалат болсун. Оңбойсуң ушундай жашашыңда.
- Билем Али, эчаак эле оңбой калгам. Уулуңду берем, ишен. Аны өзүм менен алып кетип, жашоосун тумандата албайм. Билем, мени менен өссө жакшы адам болбойт. Ишен,, акыры сага берем, бирок азыр эмес.
- Сен мени дагы келесоо кылып турасыңбы?!
- Жок, сага чын айтып жатамын. Менин үйүмдүн дарегин берем, сага иним же сиңдим коңгуроо кылат. Келип уулуңду алып кетесиң. Азыр эне мээриминен айрыба. Өтө эле жаш. Суранам Алибек. Мага бере тур. Жыл айланбай уулуң колуңда болот. Мени менен жолуктуруп турсаң болгону.
Маралдын көздөрү бул ирет жалган айткан жок деп күч менен ишенүүгө аргасыз болуп турдум. Себеби ал мени алдап жүргөндө дагы айырмасын билчү эмесмин.
- Алдагы кишинин колунда өссүн деп жатасың го ээ? Бир мүнөт дагы жанына калтырбайм.
- Анын бала менен иши дагы жок. Мен тирүү турганда эч качан бир тал чачы түшпөйт.
Экөөбүз жарым сааттай сүйлөшкөн соң эшикти бирөө ачкыч менен ача баштады. Марал дароо сурмадан тапанчаны ала койду да мага карматты. Колдорум калтырайт.
- Карма, мени кучакта да тапанчаны такап тур. Айтканымды кыл. Болбосо бул жерден соо чыгам деп ойлобо. Жөн эле өлтүрүп сала берет.
Уландысы бар.
Эльвира Мейманова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 26