-11-
Бет сөөгүм зыркырайт. Кулагым чуңулдайт. Ичимдин түйүлгөнү тарап калыптыр. Башымда жаздык. Чекемде муздак чүпүрөк. Өзүм ошол коридордо жатыптырмын. Белимден ылдый жагы талып, жан жерим ысып лукулдайт. Эсим ооп калганда дагы тепкилеген чамасы. Ойтор тулку боюмду көтөрө албасмын. Эки көзүм шишип чыгыптыр. Дулдуйган шишиктен көзүмдү ача албай, араңдан ачтым. Оозумдун алдыңкы илеби жырылган, сөзгө келбей ооруп бүлкүлдөп турду.
Марал үстүмдө үйрүлүп бетимди муздак суу менен тазалап жатыптыр. Шолоктоп ыйлайт.
- Турдуңбу? Өзүңө келчи Али, жаным. Сени өлүп калдыбы деп коркуп олтурдум. Көтөрүп жайыңа жаткыза албадым.
- Маралка, тез милиция чакыр, тез... Тез жардамды да чакыр. Канча убакыт өттү?
- Эки сааттай өттү го, чамасы.
- Эмнеге ошондон бери мени тиктеп олтурдуң? Чакыр милицияны, ушул абалымда көрүшсүн. Тез жардамды чакыр. Уулумду ойготуп албайын деп шыбырап сүйлөп жаттым.
- Жан, алар мени коркутушту.
- Эмне деп? Сага тийдиби?
- Жок, жок. Сенин төрт балаңдын аттарын атады. Жакында кыздуу болгон турбайсыңбы? Аны дагы билишет экен. Кенже уулуң кайсы бакчага барат. Улуусу кайсы мектепте окуйт, саат канчада бошоп үйүнө келет. Чынара кайсыл жерде иштеп жатат, баарын айтышты. Баарын билишет экен.
" Эриңе айтып кой,милицияга кайрылчу болсо, кантип уулдары жоголгонун билбей калат. Мен тынч койбойм. Менден эч качан кутулбайт" - деди. Менин инимди, ата- энемди дагы билишет экен. Эми эмне кылабыз Алибек айтчы? Тамга деген жарым акчаны да үйдөн катып койгон жериңдеп таап алып кетишти. Эч нерсе калган жок Али!- деп Марал буркурап ыйлап кирди. Ачуум менен дубал ургулап алдым.
- Акмак!!! Акмактар десе!!! Коркутканын көрчү тимеле. Баары бир милицияга берем! Али мени таанышат алар!
- Алибек, чын эле жакындарыбызга бирдеме болсочу? Биздин кедергибиз аларга дагы тийеби деп коркуп жатам. Мен сени үй- бүлөңдөн ажыратканым аз келгенсип, эми уулдарың бирдеме болсо өзүмдү кечире албайм. Кудайым бизди кечирбес.
Дароо уулдарым, али көрө элек кызым ымыркай болуп көз алдыма тартылды. Алардын бир тырмагына дагы зыян кыла албаймын. Маралдын сөздөрүнө ишенип чоочуп кеттим, атүгүл корктум. Башым жарылчудай чуңулдады. Кыбырап барып жайыма жаттым дагы, ойго чөмүлдүм.
Эми жумушка кантип барам? Жумушка барбасам талаада калабыз. Болгон акчамды алып кетишти. Жаңы тамдын ээсине жок дегенде жарым акчасын берип келбегенимди карачы! Мындай болорун ким билди. Жакшы эле көтөрүп барган элем акчаны. Үйдүн ээси "документтештиргенде бересиң"- десе, оюма туура келип кайра алып келе бердим да ...
Ушуну көрмөксүң Алибек. Тандап жүрүп албадымбы, эчак эле үй сатып алганымда мындай болбос эле, акчамдан кур -жалак калмак эмесмин. Эми эмне кылам? Эми эмне болот? Кантип эле эч нерсе кыла албай, милицияга бере албай олтуруп калам?
- Али, кел суу ичип алчы. Өзүңдү кыйнабачы, буйруганы болор. Баарынан дагы эч нерсе кыла албай олтуруп калганыбыз жаман болбодубу.
- Жок, мен муну мындай калтырбайм...
Бир заматта уйкуга кетиптирмин. Кантип уктап кеткенимди билбейм. Мынчалык эмес, кичине көйгөй болсо уйкум качып түнү менен уктачу эмес элем, мага эмне болду түшүнбөй калдым. Көзүмдү ачсам таң сүрүп калыптыр. Жуунчу бөлмөгө кирип, тулп болгон жүзүмдү күзгүдөн тиктеп турдум. Эмне жөнүндө ойлоноорумду дагы билбей калдым. Жумушка бара албайм. Керек болсо көчөгө чыга албайм. Шашылыш кийиндим дагы, сыртка жөнөдүм.
- Алибек, сен кайда шашып?
- Үйдөн чыкпа, балага жакшылап кара. Эшикти эч кимге ачпа! Менин өзүмдүн ачкычым бар. Эмнеге бейчеки бирөөгө эшикти ачасың деймин да?!
- Алибек, мен сен экен деп ачып алдым байкабай...
- Болду, болду. Ушул күн жазылган экен маңдайга, эмне кылалы? Мен минтип кол куушуруп олтура албайм. Бир айласын тапканы баратам. Бат эле келем. Тамак жасап тур, башым жарылганы турат,- деп чыгып кеттим.
- Али, этият бол! Аларга өчөшпө, балдарыңды ойло!- деп кайра- кайра кайталап Марал кала берди.
Жумушка барып машинадан түшпөй чогуу иштешкен Кадыр аттуу жигитке чалдым. Каракчылар тоногон күнү кол телефонумду капысынан машинамда унуткан экенмин. Телефондорду дагы алып кетти го деген ойдо элем.
- Кадыр, кандай?
- Шүгүр, өзүң? Мен жумуштамын, сен эмне болдуң?
- Мен дагы келип калдым, Кадыр сыртка чыксаң, машинада олтурам.
- Тынччылыкпы? Жарайт, баратам...
Бул кебетем менен көрүнүүдөн уялып турдум. Арга жок, досумдун кеңешине, жардамына муктажмын. Аябай акылдуу жигит. Ар дайым жардамга даяр.
- Ассалому... алейкум. Эмне болду сага Алибек?! Бул эмне? Машина коюп кеткенден соосуңбу деги? Эмне, мушташтыңбы?
- Жок, жок. Сен менен сүйлөшөйүн дедим эле. Жумушка кире албайм. Бул жерден начальник көрөт экөөбүздү. Бир жерге барып олтуралы.
- Макул, мен азыр. Сапарга дайындап чыгайын, жарайбы, күт.
- Ошентчи досум, мени бир шылтоо таап айтып куткар.
- Жарайт.
Досума болгонун болгондой айттым. Ал мени кунт коюп, бир дагы дабышын чыгарбай уккан соң мындай деди:
- Али, сен мени кечир, бирок Марал менен баш кошконуңдан бери жашооңдо оор бурулуштар эле болуп жатат. Балким, аяш сага дары берип уктаттыбы деймин да. Бул тоноого анын дагы катышуусу болуп жүрбөсүн. Эсиңдеби? Менден жашырынып телефон менен сүйлөшөт деп айтчусуң.
- Сен муну менен эмне дегиң бар?! Кызыксың досум, сен аяшыңды күнөөлөгүң келеби?
- Биз бул маселени жети өлчөп бир кесүү керек. Бардык жагын ойлонуп көрүү зарыл да. Досум уксаң, сен мени жаман көрбөчү. Аяшты байкап көр. Канткен менен экөөң аз гана убакыттан бери чогуу жашап жатасыңар.
- Мен сени түшүнбөй жатам. Ошондо, мунун баарын Марал кылды дечи? Эгер ал мени тоногусу келсе эчак жасамак. Эки жылдан бери ойлонуп жүрмөк беле? Ал менден төрөмөк эмес! Сен ушуну түшүнөсүңбү?
- Айырмасы кайсы? Сенденби, башкаданбы? Акыры аял заты төрөө керек го. Көптөн бери балалуу боло албай жүрсө...
- Анан, менден төрөп алып алдап кетейин деди дейсиңби? Мээң жайындабы дос?! Сенден жакшы кеңеш күтүп келсем, аялымды каралаганың эмнең? Ушунча жашап бир жамандыгын билет элем да?! Мен алдагы каракчыларды кандай кармоонун жолун сурап жатам сенден. Балдарыма кедергиси тийбегидей кылып кармоонун, жазалоонун жолун сурап жатам!
- Кечирчи, эми болушу мүмкүн дедим да.
- Кой, кеттим. Рахмат кеңешиңе. Дос экен деп келдим да! Убакытты гана короткондон башка пайда таппадым.
Мен Кадырга ачууланып ордумдан туруп жөнөдүм. Андан муну күткөн эмесмин. Дос имиш дагы. Төө десе бээ дейт.
Уландысы бар
Эльвира Мейманова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 25