АТАМ МЕНИ АРАМ ЖОЛГО БАСПА ДЕГЕН,
АРАМ ЖОЛДУН АКЫРЫ АСКА ДЕГЕН.
АК ЭМГЕКТЕН ТАПКАН БАЙЛЫГЫҢДЫ,
АЛЛАХ ҮЧҮН ЖАКШЫ ЖОЛГО САРПТА ДЕГЕН.
Мен кыздарды ойнотпогом сейилге,
Себеби эмне бул жагын да билгиле.
Бөтөн кыздын колун кармоо арам исламда
Сейилдетем байланганда никеге.
Бешене тер арамга акча коротпойм,
Арам жолдо убактымды жоготпойм.
Жер каратпай ата энем жүздөрүн,
Жашап өтөм адам бойдон дүйнөдөн.
Ата энемди алып барып ажыга,
Алдым деймин ак батасын жакшына.
Кайрымдуулук фондун улап атамдын,
Кошсом деймин салымымды калкыма.
Көп укканмын чоң энемдин насаатын,
Жүрөгүмө беккем сактап алганмын.
Арам жолдон кут береке качат деп,
Арам жолдун акырети азап деп.
Н. Жума.
Аксы району.
2024