Предыдущая публикация
Арман дүйнө жүзүн ылдый каратып,
Ыйлап жатат жашын төгүп карачы.
Аттиң ай...шагы сынды кургурдун,
Сайрап турчу жайды тапты булбулум.
🌷🌷🌷
Жаралбас эми сендей бийик акындар,
Жаралса да ордуң толгус жазылар.
Жаралуу сезим ээрчитип сени кеткендей,
Жанашып эми акырет жайда табышаар.
🌷🌷🌷
Ак таңдай акын Токтогулдай ырчы элең,
Жаманын айтып Толубайдай сынчы элең.
Жамактап ырдап эчен турмуш азабын,
Жеткире бурап арман күүсүн чертчү элең.
🌷🌷🌷
Кош канаты кайрылды эми булбулдун,
Эми келип сайрабас, тили таттуу булбулум.
Колуңдагы жылдызды учурдуңбу кыргызым,
Асмандан жанып көрүнүп,орун алды жылдызым.
Алтын Турсунова
23.04.2020-жыл
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев