Кунт коюп окуңуздар.
1. Жакшы көргөн адамыңды көп мактаба.
2. Жараткан Роббисине баш ийбеген адам менен бирге баспа.
3. Эл чогулган жерде көп сүйлөбө.
4. Отурган абалыңда саламдашпа.
5. Сенден жүз бурган доско жакындаба.
6. Текебер болбо, өтө эле жумшак да, корсулдаган орой да болбо!
7. Чынчыл адам ант иче бербейт.
8. Өзүнө ишенген адам актанбайт.
9. Ыкластуу адам өкүнбөйт.
10. Берешен адам милдет кылбайт.
11. Жакшы көргөн адам тажабайт.
12. Башкалар каалагандай эмес, өзүң кандай болсоң ошондой бол.
13. Эл-журтту сыйлаганың аларга муктаж экениңди айгинелебейт. Сенин диниң жана тарбияң элди сыйлоону үйрөткөн.
14. Өзгөнү сыйлагын, ошондо сый көрөсүң.
15. Кулк-мүнөзүң мыкты, кичи пейи
Эркектин аялынан кетүүнүн себептери: Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат” демекчи, башында баары сонун башталгандай болот. Анан эле ортодогу мамиле солгундап отуруп аягы үй-бүлөнүн экиге ажырашы менен бүтөт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, көпчүлүк ажырашууларга аялдар күнөөлүү экен. Төмөнкү турмуштук жөнөкөй эрежелерди жадыңызга сактап алып жашооңузда колдоно жүрсөңүз, балким, ажырашуулардын саны бир азга болсо да азаяр. 1. Аялдын сырткы келбетине көңүл бурбашы. Сиздин 90-60-90 келбеттүү, ай десе аркы жок, күн десе көркү жок укмуш сулуу периште болушуңуздун бул жерде кажети жок. Жолдошуңуз сизди тандап сизге үйлөндүбү, демек, сиз анын табитине туура келесиз. Эми сиздин милдет – аны
Жаш кызга азгырылып, бирок аялыма кайрадан ашык болдум
Аялым экөөбүздүн никебизге жарака кетип, мамилебиз муздап баштаганда, жаркылдаган, жашоонун түйшүгүн ойлобогон, сулуу, жаш кызга жолуктум. Ал сулуу менен мамиле куруп, аялым менен болгон солгун мамилени унуткум келди. Бирок, аны бир жерлерге алып барып көңүл ачып, акча коротуп, аялымдан, дос-туугандан жашырынып жүргөндү ойлогондо, бул оюман кайра тарттым. «Ушунун баары мага керекпи?» дедим. Баарын салмактап отуруп «а эмне үчүн аялым менен баарын кайра баштасам болбойт? Башкага короткон акчаны өз аялыма коротуп, аны жакшы жерлерге алып барып, белек берип көңүлүн алып, аны кайрадан таанып баштасам, мага эмне тоскоол болмок эле?» дедим. Ана