Жаңы китептен
Жүз аарчы
(аңгеме)
Ата-энесинин чоң үйүнүн чоң бөлмөсүндө чогулган бир туугандардын жолугушуусу кыйлага созулду. Күн уясына отуруп, ай чыкты, эми ай да акырын батып баратты. Очоктогу чоң казанга жасалган палоо да түгөндү, аны эки кайтара ысытып жешти.
Бул учурда дарбаза сыртында удаасы менен келип токтогон, биринен бири өтүп жылтыраган жети жеңил машиненин сүрү айылдыктардын көңүлүн бөтөнчө буруп, түркүн-түркүн түкшүмөл кептерди да жаратып жиберген эле: бу чал-кемпирдин акыбалы кыйындап калган окшойт? Колундагы келини ооруканада дешкен, кудай сактасын жаш немени.
Көп жылдар чоң үйдүн түйшүгөн нар төөдөй көтөрүп жүргөн кичүү келин бир күн эле “башым” деп жыгылды. Эми ал о
#ТурмуштунАзабы
1- бөлүм
Өмүр. Өлбөстүккө далбас уруп ар бир адам баласы жашоо менен алышып келет эмеспи . Кимдин гана тар дүйнө менен , кызыктуу күндөрдү таштап кеткиси келсин. Бирок тагдырдын татаал сыноосу кээ бир күндөрү баарынан чарчатып жибергени да жок эмес. Ат арабаны араң сүйрөп келе жаткандай эле , сүйрөлүп баардык келечектен үмүт үзүлүп калган убактарда , көзүңө көз болуп , жолуңа жол улап , караңгыны жарык кылган боорукер жандарга кандай гана рахмат айтып ,мактоого алгың келет. Бул сөз менен дал ушул жолдо басып өткөн бир каармандын тагдырын баяндап кетким келди .
Таң бүдөмүк агарып келе жаткан учуру болуу керек. Жаштыгына карабай тил билги , шымаланып ,колдон келишинче
#Тагдырдын таймашы.
1-Бөлүм
Таңдын бүдөмүк болуп агарып бараткан учуру. Негедир бүгүн күндүн көзү көрүнбөчүдөй, асманды ала булут каптап жарык нурун дале да чача элек болчу.
Табийгаттын ар бир секунттасында сулуулук менен сыр камтылат эмеспи? Бул кара түн эмнелерди гана адамдардан жашырып турганын ким билсин. Ойго баткан Айымкан апа өзгөчө оор күрсүнүп алды.
-Эх бул түндө канчалаган азаптуу адамдарың кирпик ирмебей чыкты экен. Түндүн кароолучусу жалгыз мен эместирмин -деп күбүрөнүп.
Намаз окуп эшик алдындагы жалгыз түп карт өрүктүн далдаасында көпкө олтурду. Арыктан аккан тунук суу бир нерселерди айтып жаткан ,жаш баладай булдурайт. Кучагын жайса эки адамдыкы жетпеген өрүк мөмө да бер
#Үмүттөн талган каректер
1-бөлүм
Түн. Сырттагы жааган жамгыр ак жаанга айланып , тыпылдап тамчы жерге кулап жатты. Жаздын киришине ала токумдай болуп ар жерде калган, ак карды жууп баштады көрүнөт. Жер беттин жашыл шибер талашып өнүп чыкысы келгендей. Элдин баары тынчтанып уйку менен, башка ааламга кирип кеткен. Жалгыз гана жепирейген эски тамдын жарыгы өчпөй бүлбүлдөйт. Меш түбүндө улам өчүп бара жаткан отко телмерип Асыл апа . Негедир аяр гана жайында чогултуп алган тезектен таштап коёп олтурат. Ал да кагаздай бат эле күйүп жок болуп калат. Жайдын ысык аптабында кургап , жамгырга жуулуп күчүн жоготуп койгон. Кыйраган деле жылуулук бере албайт.Үстүндөгү эски чапанын кымтылап коёт.
#Азгырылган махабат
1-бөлүм
Шыңгыраган коңгуроону улам -улам басып ,Асандын чыдамы кетип барат, Бермет болсо ачканга ашыкпады дагы, сага чала болуптур ,үйгө түнөбөсөң ,бул биринчиси эмес , дагы көпкө турасын эшик алдында. Күзгү түбүнө келип , өзүн баш аягынан телмерип тиктеп туруп алды.
-Ии кечеги жаштыгымдын баарында , тимеле сүйөм -деп жүрчү эмес белең . Эми балдарды карап үйдө олтуруп калганда ,үйгө жолобос болдуң ээ . Күбүрөнүп алды ,өзү менен өзү сүйлөшүп. Бөлмөдөн чыккан чоң баласы;
-Апа ачып койсоңуз боло атам келген көрүнөт.
-Тилек жата тур балам , дагы бир аз тура турсун эшик алдында. Акыркы күндөрү үйдү унутуп баратат. Үйү бар экенин эстеп жүрсүн.
-Макул апа ,кай