Чыныгы мусулман адамдын жүрөгүндө төрт түрдүү аял жашайт: Энеси, аялы, карышдаш-эжеси жана кызы. Апаңды ыраазы кылууң, Алланы ыраазы кылгандыгың. Аялыңды сыйлооң бул - Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам)дын осуятын аткаргандыгың. Эже-карындашыңа жакшылык кылып, алар менен мамилени бекемдөөң үйүңө берекенин киргендиги. Кызыңа чыныгы мусулмандын тарбиясын берип өстүрүүң, бейишке карай эшигиңдин ачылганы. Имам Шафийге бир киши келип: Пендени Алла Таалага жакын кыла турган эң улуу амал кайсы? - деп сурайт. Имам Шафий (рохимахуллох) көзүнө жаш алып ыйлап жиберет, соң төмөнкү жоопту берет: "Алла Таала сенин жүрөгүңө карап, дүйнө-акыретте Өзүнүн ыраазылыгын гана тилешиңди көрүүсү сени Аллага жакын кылат".Али (Алла андан ыраазы болсун) айтат: Үч нерсе үч нерсени алып келет: Тырышчаакты- байлыкты, жалкоолук-кедейчиликти, сараңдык-ооруну.
Автор: Абдишүкүр Нарматов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев