Кыямат күнү адамдар үч түрдүү жеңишке жетишет, ал тууралуу Курани Каримде айтылган:
1. Анык жеңиш (ийгилик).
2. Чоң жеңиш.
3. Улуу жеңиш.Кыямат күнүндө бул жеңиштердин арасында кандай айырмачылык болот?1. "Акыйкатта, эгер өзүмдүн Эгеме күнөөкөр болуп калсам (буйругун аткарбай калсам) мен Улуу (кыямат) күндүн азабынан коркомун" - деп айт. (15). Ал күндө ким азапка дуушар болбосо, чынында, Алла Таала аны Өз ырайымына алганы. Бул анык жеңиш (ийгилик). Анам сүрөсү - 15 чи, 16 чы аяттар.Анык жеңиш: Азапка кабылбай аман калуу жана тозок отунан алыстоо. Бирок, ал жерде бейиш эскерилген жок. Тозоктон кутулуунун өзү - анык жеңиш деп эсептелет.2. "Алла Таалага ишенип жакшылык иштерди кылгандарга сыйлык катары алдынан дарыялар агып турган Бейиш бактары берилет. Ошонун өзү чоң жеңиш! «Буруж сүрөсү, 11 чи аят».Чоң жеңиш: Бейишке гана кирүү, бирок бул жерде бейиште түбөлүк калуу тууралуу, же андагы жыргалчылыктар жөнүндө айтылган эмес. Ушул чоң жеңиш болуп эсептелет.3. Жеңиштин үчүнчү түрү улуу жеңиш. Ал тууралуу Алла Таала мындайча кабарлаган: "Булар Алланын чектери (мыйзамдары). Эгер ким Аллага жана Анын элчисине моюн сунса, Ал аларды алдынан дарыялар агып турган Бейиш бактарына киргизет, алар анда түбөлүккө калышат. Бул - улуу жеңиш. «Ниса сүрөсү 13 чү аят».Бул жерде бейишке киргендер ал жерде түбөлүк калаары тууралуу айтылган. Буга төмөнкү аят далил болот.Алла Таала: "Бүгүн - чынчылдарга чынчылдыгы пайда бере турган күн. Аларга алдынан дарыялар агып туруучу бактар бар. Алар анда түбөлүк калышат. Алла алардан ыраазы болуп, алар да Алладан ыраазы болушат. Бул - улуу жеңиш!" - деп айтат. «Маида сүрөсү 119 чу аят».Ал эми төмөнкү аятта бейиш эли бейиште түбөлүктүү калаары тууралуу айтылат: "Алла Таала момун эркектер менен момун аялдарга алдынан дарыялар агып турган, алар ал жерде түбөлүктүү калуучу, Адан (бейиштин аты) бактарында кооз турак-жайларды убада кылды. Бирок, Алланын ыраазылыгы - эң улуу! Бул - улуу жеңиш. «Тавба сүрөсү 72 чи аят».Кийинки аятта болсо бейиш элинин бейиште түбөлүк калаары, бейиштин сыпаттары жана Алла Тааланын бейишке киргендерге ыраазы болоору жөнүндө айтылат. "Жер которгондордон (мухажирлерден), ансарлардан (Мединалык мусулмандар) алгач ыйман келтиргендер жана жакшы иштерде аларды ээрчигендерден Алла ыраазы болду. Алар да Алладан ыраазы болушту. Ошондуктан, Алла Таала алар үчүн ичинде түбөлүккө кала турган, алдыларынан дарыялар агып туруучу Бейиштерди даярдап койгон. Бул - эң чоң жеңиш". «Тавба сүрөсү 100 чү аят».О, Улуулук ээси болгон Алла! Бизге эң улуу жеңишти насип кыл! Бизди бейиште түбөлүк калуучулардын, Сенин ыраазылыгыңа жетүүчүлөрдүн жана бейишине кирүүчүлөрдүн катарына кош!
Автор: Абдишүкүр Нарматов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев