Оо, Алла! Сенин Улуулугуңда, Кудуретиңде чек жок. Сен Мээримдүүсүн, Кечиримдүүүсүн, кечиргенди жакшы көрөсүң. Иблис (шайтан) Алла Таалага: "Сенин Улуулугуңа ант! Мен аларды (адамдарды) денелеринде жаны бар кезде (өлгөнгө чейин) азгырам" - дейт. Алла Таала иблиске: "Улуулугума ант ичем! Адамдар истигфар айтып, менден кечирим сураса эле, мен алардын күнөөлөрүн кечирем" - дейт. Бейишке кирген адамдар бейишке кирип бул дүйнөдө чогу жүргөн досторун, жакын адамдарыны таппай калат. Анан Алла Тааладан: "Оо, Жараткан! биз менен чогу намаз окуган, биз менен чогу орозо кармаган бир туугандарыбызды бейиште көрбөй жатабыз" – деп жакындарын сурашат. Алла Таала ал адамдарга: "Тозокко баргыла да жүрөгүндө кыпындай ыйманы бар адамды чыгаргыла!"- дейт. Ошентип жакшы дос тозоктогу адамдардын бейишке чыгуусуна себеп болот.Хасанул Басрий рохимахуллох айтат: "Момун адамдардан көп дос жыйнагыла! Анткени, ал адамдар кыямат күнү жакын адамдарын шафаат кылат". Чыныгы дос - колуңдан кармап бейишке жетелеген дос.Ислам аалымдарынын бири адамдарга: "Эгер бейишке киргенде араңардан мени таппай калсаңар, анда мен жөнүндө минтип сурагыла! О, Алла! Сенин пендең (баланча) бизге Сени айтып эскертет эле, аны да биз менен бейишке чогу киргиз" - деп сурангыла, эгер мен силерди көрбөй калсам, анда мен да силер тууралуу сурайм жана бейишке кирүүңөрдү суранам" - дейт.
Автор: Абдишүкүр Нарматов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев