Канткенде күнөөлөрүңүз кечирилет?
Күнүмдүк аткарылуучу кичинекей жана жеңил амалдар тоодой болгон күнөөнүн кечирилишине себеп болот. Бул Алла Тааланын пенделерине берген чоң белеги.Төмөнкү хадиске амал кылыңыз да, күнөөлөрүңүздөн арылыңыз!. Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам) айткан: "Жер бетиндеги адамдардын кимиси: "Лаа илааха иллаллох, валлооху акбар, ва лаа хавла ва лаа куввата иллаа биллах" - деп айтса, анын ката-кемчиликтери жана күнөөлөрү деңиздин көбүгүнчөлүк көп болсо да кечирилет".Тамактанып бүткөндөн кийин төмөнкү дубаны айтыңыз да, күнөөлөрдөн тазаланыңыз! Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам) айткан: "Ким тамактанып бүткөндөн кийин: "Алхамду лиллахил лазии атамании хазат тоъаама, ва розакониихи мин гойри хавлин миннии ва лаа кувватин" - деп айтса, анда анын мурдагы күнөөлөрүнүн бардыгы кечирилет".Кийим кийип бүткөндөн кийин да күнөөлөрүңүздүн кечирилүүсүнө аракет кылыңыз! Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам) айткан: "Ким кийим кийип бүткөндөн кийин: Алхамду лиллаахил лазии касаании хааза, ва розакониихи мин гойри хавлин миннии ва лаа кувватин" - деп айтса, анда мурдагы жана кийинки күнөөлөрүнүн бардыгы кечирилет"..Уктаардан мурда күнөөлөрүңүздөн арылып анан уктаңыз! Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам) айткан: "Ким бир күндө жүз жолу: "Субханаллохи ва бихамдих" - деп айтса, анда анын күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй көп болсо да кечирилет".Намаз окуп бүткөндөн кийин дароо туруп кеткенге шашылбаңыз, зикр кылып күнөөлөрдөн тазаланыңыз! Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам)айткан: "Ким ар-бир намаздан кийин отуз үч жолу Аллага (Субханаллох) деп тасбих айтса, отуз үч жолу (Альхамдулиллах) деп мактоо айтса, отуз үч жолу (Аллаху акбар) деп такбир айтса, ушунун баары токсон тогуз болот, жана ага: "Лаа илааха иллаллоху, вахдаху лаа шариика лах, лахул мүлк, ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайин кодиир"- деп айтып жүз кылса, анда анын күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй көп болсо да кечирилет".Төшөгүңүзгө жатаарда күнөөсүз периштедей болуп жаткыңыз келсе, анда төмөнкү сөзгө амал кылыңыз! Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам) айткан: "Ким төшөгүнө жатаарда: Лаа илааха иллаллох, вахдаху лаа шариика лах, лахул мулку, ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайин кодиир, лаа хавла ва лаа куввата иллаа биллахил алиййил азиим, субханаллох, валхамдулиллах, ва лаа илааха иллаллоху, валлоху акбар - деп айтса, анда анын күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй көп болсо да кечирилет".Азан айтылып жаткан кезде кантип күнөөлөрүңдөн арыласыз?. Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам) айткан: "Ким азанчынын азан айтканын угуп жаткан кезде: Ашхаду ан лаа илааха иллаллох, вахдаху лаа шариика лах, ва анна Мухаммадан абдуху ва росуулух, родийту биллахи роббан, ва биМухаммадин росуулан, ва билислаами диинан - деп айтса, анда анын күнөөлөрү кечирилет ".Истигфар айтып күнөөдөн тазаланууну кааласаңыз, анда төмөнкү хадиске амал кылыңыз! Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам) айткан: "Ким: Астагфируллох аллазии лаа илааха иллаа хувал хаййул коййуум, ва атуубу илайхи - деп айтса, анда анын күнөөлөрү кечирилет...О, Алла! Биздин күнөөлөрүбүздү кечир, ката-кемчиликтерибизди кетир! Айып-кемчиликтерибизди жаап-жашыр! Эки дүйнөнүн бакытын тартуу кыл! Бизди кор кылба! Шерменде болуудан сакта! Амиин..
Автор: Абдишүкүр Нарматов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев