Ибрахим бин Адхам Басра шаарындагы базарлардын бирөөсүндө баратса элдер жыйналып: "О Ибрахим! Алла Таала Куранда: "Мага дуа кылгыла, дуаңарды кабыл кылам "- деп убада берген. Биз көп убакыттан бери дуа кылабыз, бирок дуабыз кабыл болбой жатат, анын себеби эмнеде? - деп сурашты. Ибрахим Адхам: "О Басра эли! Он нерсе себебинен жүрөгүңөр катып калган, ошол себептен дуаңар кабыл болбойт"- деп жооп берди.1. Алланы тааныйсыңар, бирок буйруктарын аткарбайсыңар.2. Куранды окуйсуңар, бирок ага амал кылбайсыңар.3. Пайгамбарды сүйөм дейсиңер, бирок сүннөттөрүнө ээрчибейсиңер.4. Шайтанды душманыбыз дейсиңер, бирок шайтандын жолун жолдойсуңар.5. Бейишке кирүүнү эңсейсиңер, бирок бейишке алып баруучу амалдарды аткарбайсыңар.6. Тозоко түшүп калуудан коркосуңар, бирок өзүңөрдү өзүңөр тозоко ыргытасыңар.7. Өлүм акыйкат дейсиңер, бирок ага даярдык көрбөйсүңөр.8. Мусулман бир туугандарыңардын кемчиликтерин издейсиңер, бирок өзүңөрдүн кемчиликтериңерди көрбөйсүңөр.9. Алланын неймат кылып берген ырыскысын жейсиңер, бирок шүгүр кылбайсыңар.10. Өлүктөрүңөрдү көмөсүңөр, бирок андан ибрат сабак албайсыңар.
Автор: Абдишүкүр Нарматов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев